Оштогу балдар ооруканасынын кадрлар бөлүмүнүн башчысы пневмониядан каза болду

Маркум Касиет Алайчиева. Сүрөт: «Турмуш» басылмасынан алынды

Ош облустар аралык балдар ооруканасынын кадрлар бөлүмүн башчысы Касиет Алайчиева 12-октябрда эки тараптуу пневмониядан каза болду. Ал бул ооруканада 37 жылдан бери эмгектенип келген.

Айылчиеваны кесиптештери «Турмуш» басылмасына маек куруп, маркумду «жоопкерчиликтүү», «медицина тармагынын өнүгүшүнө салым кошкон», «көптөгөн жаш кадрларды даярдаган», «өз ишин сүйгөн» адис катары эскеришкен.

«Айылчиеванын кадрлар бөлүмүндө тийиштүү иш кагаздардын кыргыз тилинде жүргүзүлүшүнө салымы зор болгон. Анын жетекчилиги менен кадрларды эсепке алуучу жеке барак, кызматтык инструкциялар, эмгек келишими, сыйлоо баракчалары кыргыз тилине которулган», — дешет ооруканын эмгек жамааты.

Алайчиева 59 жашта болчу. Анын артында бир уулу калды.

Кыргызстанда коронавирустан 16-октябрга карата 1 103 киши каза болду. Саламаттык сактоо министрлигинин 25-сентябрдагы маалыматына ылайык, COVID-19дан 83 медкызматкер көз жумган.

Коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом. Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтээрин маалымдаган.

16-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус 3 508 медиктен аныкталды. Ал эми сакайгандардын саны 3128 кишини түздү.