Иликтөөчү журналист Али Токтакунов жана фактчекер Болот Темиров «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси Василий Дашковго таандык фирмалар ал жетектеген ишканадан кантип акчаларды адалдап турганын иликтеди. «Темир жолду миллиондоп сааган Дашков» деп аталган иликтөө 18-февралда Токтакуновдун Ютуб каналына жарыяланды. «Клооп» журналисттик иликтөөнү баяндап берет.

Василий Дашков — мурдагы милиционер. Темир жол тармагына 2006-жылы келген. 2020-жылдын январына чейин «Кыргыз темир жолу» ишканасынын көпүрө куруу менен алектенген «Көпүрөчүлөр отрядын» башкарып келген. Андан соң аталган ишкананын жетекчисинин орун басарлыгына дайындалып, 2020-жылдын апрелинен тарта мекемени башкарып келе жатат.

«Кыргыз темир жолу» — мамлекеттик ишкана, анын кирешеси да, сатып алган мүлктөрү да мамлекеттики. Мыйзам боюнча анын жетекчиси миллиондорду иштеп табуу үчүн өзү башкарган ишкананы колдоно албайт.

«Анткен менен Дашков темир жол ишканасынын жетекчилигинде иштей баштагандан тарта, ага байланышы бар үч фирма “Кыргыз темир жолунан” эки жылда эле 176 млн сомдук тендерди утканы жана аны кандай жолдор менен утканы далилденди», — деди Токтакунов.

Дашковго таандык жана анын байланышы бар фирмалар. «Каскад секьюрити»

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси Василий Дашков

Токтакуновдун айтымында, Дашковго таандык фирмалар тууралуу маалыматтар ачык булактардан алынды. Ага бир топ фирмалар катталып, бирок кийинчерек ал фирмалардын курамынан Дашков кеткени Реестрде көрсөтүлгөн.

Анын арасында «Каскад секьюрити» ЖЧКсы бар — ал күзөтүү, кайтаруу менен алектенет. Аталган ЖЧК 2019-жылы кайра каттоодон өткөндөн кийин анын директору да, негиздөөчүсү да Николай Горбатов деп өзгөрүлгөн. Бирок иш жүзүндө аны Дашковдун үй-бүлөсү эле башкарып жүрөт. Ал эми Горбатов болсо жөнөкөй гана көгүчкөн сүйүүчү адам. 

Дашков «Көпүрөчүлөр отрядын» башкарып турган кезде, «Каскад секьюритини» Горбатовго каттаткандан он күндөн кийин эле Темир жолдун 2,5 млн сомдук тендерин уткан. Он айдан кийин 3,5 млн сомдук тендерди дагы жеңип алган.

«Үчүнчү тендерди Дашков “Кыргыз темир жолун” жетектеп турган учурда утуп алган — анда 312 млн сом каралган. Ошондо “Каскад секьюрити” жалпы 9 млндон ашуун акчаны бир эле Темир жол ишканасынан утту. Андан да кызыгы, эмнегедир бул фирма башка бир да ишкананын тендерине катышкан эмес», — дейт Токтакунов.

«МостАвтодорстрой»

Мындан сырткары, Дашковго дагы бир фирма катталган. Ал «МостАвтодорстрой» деп аталып, «Каскад секьюрити» катталган даректе турат.

Темир жолдун «Көпүрөчүлөр отряды» акыркы эки жылда 125 жолу тендер өткөрүп, курулуш материалдарын, техникаларын сатып алып турган. Ал эми аларды «МостАвтодорстрой» фирмасы камсыздаган — анын жалпы баасы 112 млн сом.

Бул тендерлерге башка фирмалар да катышкан. Алар «МостАвтодорстройго» караганда төмөн сумма сунуштаганы менен уткан эмес. Алтургай кээ бир тендерлерге бир гана «МостАвтодорстрой» ЖЧКсы гана катышкан учурлар болгон.

«МостАвтодорстрой» да Темир жолдон башка ишканалар жарыялаган тендерлерге дээрлик кызыккан эмес, болгону бир гана Кара-Балтанын мэриясына таандык тендерге катышкан.

«Мындайча айтканда Дашков мамлекеттин акчаларын оң чөнтөгүнөн сол чөнтөгүнө өткөрүп турган, анткени аталган фирма Дашковдун өзүнө таандык. Бул мамлекеттик сатып алуулар мыйзамына каршы келет. Кийинчерек Дашков эсине келгендей, фирмасына башка үч адамды каттаткан. Анын бири өзүнүн жубайы. Кызыкчылыктар кагылышы бул жерде да сакталган эмес», — дейт иликтөөчү.

«Сай-Аска»

Фейсбукта «Кыргыз темир жол чындыгы» аттуу баракча бар. Аталган баракчада Дашковду коррупцияга жана ал өзү башкарган мекемени жеке бизнеске айлантууга айыптаган билдирүүлөр байма-бай чыгып турат. Ошондой эле, темир жолчулар нааразычылык акцияларын да өткөрүп, бийлик өкүлдөрүнө ишканадагы коррупция тууралуу кайрылуу да жасап келишет. Анткен менен Токтакуновдун айтымында, тийиштүү кызматтагылар Дашковго эмдигиче «көңүл буруша элек».

Темир жолчулар 2020-жылдын 2-июлунда аталган баракча аркылуу ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасашкан. Анда кызматкерлер ишканада көмүр сатып алуу боюнча мыйзамсыз өткөн тендерге нааразычылыгын билдиришкен.

«Тендер өтө элек, бирок кампага 8 тонна 40 млн сомдук көмүр келип түшүп калды. Тендерге арыз берүү эртең 3-июлда аяктайт», — деп жазышкан алар.

Тендер өткөрүү мыйзамын бузуп, бирок жыйынтыгында утушка ээ болгон «Сай-Аска» ЖЧКсы 55 млн сомдук көмүр алып келмей болгон.

«Сай-Аска» ЖЧКсы Өзгөн районунун Беш-Терек жайлоосундагы 450 гектар жердеги көмүр кенине ээлик кылат.

Темир жолчулар президентке жазган кайрылууда түштүктөн алып келинген көмүр кенинин чыныгы ээси мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин шоопуру Каныбек Туманбаевге таандык деп айтышкан.

Темир жол ишканасында Туманбаевдин өзүнүн адамы бар — ал Баатырбек Жаантаев. Ал учурда Кыргыз темир жолунун материалдык-техникалык камсыздандыруу бөлүмүн башкарат. Ошондой эле, «Сай-Асканы» иштеткен адам болуп эсептелет.

Анткен менен «Сай-Асканын» чыныгы ээлери болуп 2019-2020-жылдан тарта Нурманбет Сыдыков, Жолдошбек Ашымов эсептелет. Сыдыков — Райымбек Матраимовдун бир тууган эжесинин уулу. Ошондой эле, 2021-жылдын январында ээлик кылгандардын катарына Дашковдун жубайы да кирип калган.

«Бул эмнеден кабар берет? Биздин ишенимдүү булактарыбыздын айтымында, Матраимовдор байлыктарын башка адамдарга каттатып башташкан. Бул анын бир далили болууда. Коррупцияга байланышкан ар бир чиновникке көңүл бурабыз деген Садыр Жапаров буга кандай жооп берет?» — деп суроо салган иликтөөчү.

*Райымбек Матраимов — бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары, «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун каражат тууралуу журналисттик иликтөөсүнүн башкы фигуранттарынын бири.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын буга чейин кармалган жетекчилери

УКМК өткөн жылдын 15-июнунда «Кыргыз темир жолунун» Дашковго чейинки башчысы Канатбек Абдыкеримовду «ири өлчөмдөгү алдамчылыкка» шектеп кармаган.

УКМКнын маалыматы боюнча, мамишкананын жооптуу кызматкерлери коррупциялык схеманы жөнгө салып, ал аркылуу мамсатып алуулар жогорулатылган баалар боюнча жүргүзүлгөн, ал эми ишкананын мурдагы жетекчиси түзүлгөн келишимдин суммасынын 8%дан 15%га чейинки бөлүгүн алып турган.

Мындан сырткары, атайын кызмат тарабынан «Кыргыз темир жолу» ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн башчысы Бахтияр Юнусов 2020-жылдын 14-декабрында кармалган. Кийинчерек ал мамлекетке келтирген 11,7 млн сомдун ордун толтуруп берген. Юнусов убактылуу кармоочу жайдан бошотулуп, үй камагына чыккан. Ал өзүнө тагылган айыптын баарын моюндаган.

Ошондой эле, УКМК 2021-жылдын 9-январында «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар опузалады деген шек менен активист Мелис Аспековду жана ишкер Улан Жураевди кармаган.

Аспеков менен Жураев кармалгандан кийин УКМК бул эки адамдын опузасына кабылгандар болсо атайын кызматка кайрылууну өтүнгөн. Көп өтпөй эле 10-январда Биринчи май райондук соту Аспеков менен Жураевди эки айга, тагыраагы 9-мартка чейин УКМКнын ТИЗОсунда калтыруу чечимин чыгарган. Ал эми 26-январда Улан Жураев үй камагына чыгарылганы белгилүү болду.

Журналисттердин иликтөөсүнөн кийин кармалган аткаминерлер

Буга чейин иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков, «Кактус Медианын» журналисти Марат Уралиев жана фактчекер Болот Темиров финполчу Айбек Токоевдин байлыгы тууралуу иликтешкен. Аталган иликтөөдөн кийин Токоев «мыйзамсыз баюуга» шектелип УКМК тарабынан кармалган.

Атайын кызмат Токоевдин мүлк жана финансылык активдеринин жалпы суммасы алдын ала эсептөөлөр боюнча 4 млн АКШ долларын түзөт деп маалымдаган. Анын мыйзамдуу кирешеси менен анын мүлкүнө сарпталган каражат дал келбейт.

Токоев УКМКнын тергөө изоляторуна камакка алынып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 18-мартка чейин камакта калтырылган.

Айбек Токоев — 2014-жылы каржы полициясынын Оштогу башкармалыгынын орун басары, андан соң 2017-жылы финполдун Ош шаарындагы башкармалыгынын жетекчиси болуп турган. Ал эми Каржы полициясынын ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчылыгына Токоев 5-октябрдагы өлкөдөгү башаламандыктан кийин дайындалган.

Тема боюнча:

«Кыргыз темир жолунун» кызматкерлери жетекчисин иштен алууну талап кылышты

Финпол «Кыргыз темир жолунун» кызматкерлерин вагондорду темирге сатышкан деп шектөөдө