«Талапкер чай берген». Аксыда спирттен ууланып өлгөндөрдүн саны алты адамга жетти

Иллюстративдик сүрөт

Материал 14:50дө жаңыртылды

Жалал-Абад облусундагы Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылынында алты киши суу менен суюлтулган спиртке ууланып каза болду.

Саламаттык сактоо жана соцөнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 3-мартта Кара-Суу айылынын төрт тургуну ооруканага уулануу белгилери менен түшүп, үч бейтап каза тапкан. Кийинчерээк дагы үч киши үйүндө каза болгону аныкталган.

Учурда дагы бир киши аймактык ооруканада дарыланып жатат — анын абалы орто оор деп бааланууда.

Тургундардын бири «Super.kg» басылмасына курган маегинде жергиликтүү кеңешке депутаттыкка талапкерлердин бири 20га чукул адамга чай бергенин билдирди. Анын айтымында, маркумдар ошол күнү ичимдиктен ууланышкан.

Азырынча жергиликтүү бийлик окуя боюнча комментарий бере элек.

Аксы райондук ички иштер башкармалыгы уулануу фактысы боюнча териштирүүнү баштады. Басма сөз катчы териштирүүнүн натыйжасында кошумча маалымат бериле турганын билдирди.

Буга чейин, 4-февралда, Ош облусунун Кара-Суу районунда алты окуучу ыктымал шириндиктерден ууланып ооруканага жеткирилген. Өспүрүмдөрдүн бири алгач жандандыруу бөлүмүнө түшүп, кийинчерээк жалпы бөлүмгө которулган.