«Мекеним Кыргызстанды» негиздеген Айбек Осмонов Жогорку Кеңеште ант берди

Жогорку Кеңештин 24-марттагы отурумунда жаңы депутат Айбек Осмонов ант берди. Борбордук шайлоо комиссиясы 15-мартта Осмоновго мандат тапшырган.

Осмонов «Бир Бол» фракциясынан депутат болду. Ал 28-февралда каза болгон Алмазбек Акматовдун ордуна келди.

Осмоновдор — Айбек жана Нурбек — «Каганат Инвест» холдингине ээлик кылат. Бул холдингдин ичинде «Ихлас» («Кыргыз Каганат») курулуш компаниясы, Оштогу электромобил чыгаруучу «Кыргыз унаа курулуш» жана «Кыргыз Текстиль ЛТД» бар.

Мындан сырткары Айбек Осмонов өткөн парламенттик шайлоодо 24 пайыздан ашуун добушка ээ болгон «Мекеним Кыргызстан» партиясын негиздеген. Бирок бул партия шайлоонун астында Матраимовдордун үй-бүлөсүнө жана тарапташтарына өтүп кеткен. Учурда партиянын негиздөөчүсү катары он адам көрсөтүлгөн, ал эми аны Матраимовдордун тарапташы, депутат Мирлан Бакиров жетектейт.

Кийинчерээк Осмонов «Ыйман Нуру» партиясын негиздеген, бирок анын тизмесинен да чыгып, парламенттик шайлоого катышуудан баш тарткан.

Ошол кезде «Ыйман Нуру» партиясынын теңтөрагасы Чыңгыз Макешов буга экс-бажычы Райымбек Матраимовдун Осмоновго карата жасаган басымы себеп болгонун айткан.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияга айыпталып кармалган. Ал эми 11-февралда сот аны күнөөлүү деп табып, 260 миң сом айып салган. Буга чейин ал мамлекетке келтирилген 2 млрд сомдук зыянды ордуна келтирген — анын ичинде 1,4 млрд сом, тогуз батир жана соода борбору бар.

Кийинчерээк журналисттер бул батирлерди таап, Матраимов аларды мамлекетке өткөргөнгө чейин бир нече күн калганда сатып алынганын аныкташкан.

Матраимов 18-февралда «кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга» шектелип кайра кармалган. Бирок бир аптадан кийин ал ден соолугу начарлап, «Бикард» жеке клиникасына жаткырылган.

Тема боюнча: Өкүм алдындагы базарлык. Матраимов өкмөткө эски батирлерди өткөрүп, өз мүлкүн сактап калдыбы?