Юрист Нурбек Токтакунов фейсбук барагында Конституциянын* жаңы долбоору боюнча Кыргызстан Венеция комиссиясынын корутундусун эмне үчүн эске алышы керек экенин ГЭС куруунун мисалында түшүндүрүп берди.
Токтакунов өлкөнүн баш мыйзамын математика, физика жана гидродинамика мыйзамдарын сактоо менен курулушу керек болгон гидроэлектростанция менен салыштырды.
«Окумуштуулар долбоорду карашат да, “ГЭС суунун агымына туруштук бере албай бузулат, дамба жарылат, айланадагы калктуу конуштардын баарын суу каптайт” деп айтышат. Окумуштуулар кыйроолор болбосун деп долбоорду жаңыдан жасап чыгууну сунуш кылып, өз иштери менен кете беришет. Андан кийин элестетип көрүңүз, долбоорчу сөрөйлөр “биз көз карандысыз мамлекетпиз, эч кайсы бир окумуштуу өзүнүн физика мыйзамдары менен бизге буйрук бере албайт!” деп, суу тосмону куруп башташканын элестетип көрүңүз», — деп жазат юрист.
Токтакуновдун айтымында, «жакшы Конституция бардык талаптар аткарылып курулган ГЭС сыяктуу», анткени ал элдик энергияны мамлекеттик башкаруунун «генераторуна» багыттайт.
«Бул кыймылда деле, суунун агымындай эле тарыхта миңдеген жылдардан бери тажрыйбаланган объективдүү мыйзамдар бар. Ал мыйзамдарды сактоо же ага баш ийбей коюу — ар кимдин өз иши. Венеция комиссиясынын корутундусу деле ушундай — аларга кулак салуу же, кулактын сыртынан кетирүү биздин жеке, суверендүү тандообуз. Бирок биздин суверендүүлүк, өлкөбүздө табият мыйзамдары башкача иштейт дегенди түшүндүрбөйт», — дейт юрист.
*Корутундуга ылайык, «президенттин, парламенттин жана сот системасынын ыйгарым укуктары, ошондой эле адам укуктары менен эркиндиктерине байланышкан айрым жоболор эл аралык стандарттарга жана ЕККУнун алдындагы милдеттерге туура келбейт». Ошондой эле, эксперттер президенттин бийликтин аткаруу жана башка бутактарынын үстүнөн чектен тыш үстөмдүгү, парламенттин ролунун солгундашы, бийликти бөлүштүрүү жана мамлекеттик бийлик бутактарынын арасындагы ооздуктоо жана тең салмактуулук тутумунун негиздерине зыян келтирүү тобокелдигин жаратарын белгилешкен. Бирок корутунду өлкөнүн айрым тургундарынын нааразылыгын жаратып, алар Венеция комиссиясынын аракетин өлкөнүн ички иштерине, суверендүүлүгүнө кийлигишүү катары кабыл алышкан.
Дегеле Кыргызстандын иштеринин Венеция комиссиясына кандай тиешеси бар?
Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы — демократия, адам укугу жана укук үстөмдүгүнүн көз карашы менен конституциялык укук боюнча кеп-кеңеш берген эл аралык орган. Венеция комиссиясы берилген кайрылуунун мазмуну боюнча кайсыл бир өлкөдө болуп жаткан саясий талаш-тартыштарга жана орун алып жаткан окуяларга комментарий бербейт.
Венеция комиссиясы кайсыл бир мамлекеттин каалоосу жок эле анын иштерине киришип, анын саясий процесстерин изилдей албайт. 2020-жылдын октябрь айындагы окуялардан кийин Кыргызстан конституциялык маселелер боюнча эл аралык эксперттердин жардамын сурап, эки жолу өзү кайрылган болчу.
Ноябрдын башында аларга Жогорку Кеңеш кайра өтө турган шайлоону алгач Конституцияны реформалагандан кийин өткөрүш керек деп чечип белгисиз мөөнөткө жылдыргандан кийин Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Карыбек Дүйшеев жазган.
Ошондо «Реформа» партиясы жана бир нече жарандык активисттер буга нааразы болуп, Конституциялык палатага кайрылышкан. Андан кийин Конституциялык палата эл аралык укуктун эксперттерине сурам кылып, Венеция комиссиясына бир нече суроо жолдогон. Комиссия Жогорку Кеңешти мыйзам чегинен чыкты деп тааныган, бирок эксперттердин сунуштамалары эске алынган эмес. Экинчи жолкусунда комиссияга акыйкатчы Токон Мамытов кайрылган. Ал комиссиянын төрагасы Жанни Букиккионун дарегине жазган кайрылуусунда Конституциянын жаңы долбоорун «адам укуктары жана демократия стандарттарына шайкеш келишин» аныктоо максатында документти эл аралык экспертизадан өткөрүп берүүнү өтүнгөн.
Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы жана ЕККУга караштуу Адам укуктары жана демократиялык институттар бюросу «президенттин, парламенттин жана сот системасынын ыйгарым укуктары, ошондой эле адам укуктары менен эркиндиктерине байланышкан айрым жоболор эл аралык стандарттарга жана ЕККУнун алдындагы милдеттерге туура келбейт» деген корутундуну чыгарышкан.
Кыргызстандагы конституциялык реформа
Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийин орун алган саясий кризистин кесепети.5-октябрда жарандар борбордук «Ала-Тоо» аянтына митингге чыгып, нааразылыгын билдирип, жыйынтыгында Ак үй басылып алынган. Ошол кезде, башаламандыктардын шартында тарапташтары тарабынан абактан бошотулган Садыр Жапаров бийликке келген.
Ал Кыргызстанда Конституцияны алмаштырып, президенттик башкаруу формасын алып келүү керек деген билдирүү жасаган. Тарапташтарынын жардамы менен Жапаров кыска убакытта премьер-министр жана президенттин м.а. болгон.
Ал бул кызматтарды аркалоо менен бир катар кадрдык өзгөртүүлөрду ишке ашырып, негизги кызматтарга өз тарапташтарын дайындаган. Алтынчы чакырылыштын депутаттары менен чогуу, Жапаров парламенттин депутаттарын кайрадан шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдырылышын жана конституциялык реформаны демилгелеген.
Баш мыйзамдын биринчи версиясы 2020-жылдын 17-ноябрында жарыяланган. Бирок президенттин колунда эбегейсиз бийлик топтолгону үчүн кескин сындалып, «Ханституция» аталган.
Андан кийин ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүп, курамына жүздөн ашуун адам кирген. Алардын көпчүлүгү Садыр Жапаровдун идеялаш жана тикелей тарапташтары, юристтер, Конституциянын жаңы версиясынын автору деп фамилиялары көрсөтүлгөн депутаттар, Манас таануу, кыргыздардын руханий дүйнөсү жана салттуу билим боюнча адистер, коомдук ишмерлер.
Бир катар юристтер кеңешменин легитимдүүлүгүнөн күмөн санашкан, бирок алар ишин жана өлкөнүн негизги мыйзамынын долбоорун оңдоп-түзөөнү улантышкан.Конституциялык кеңешменин иши менен бир маалда президенттик шайлоо жана конституциялык реформа боюнча референдум да өткөрүлгөн. 2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаров шайлоого келген шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган. Ошондой эле, референдумга катышкандардын көбү Жапаров сунуштаган башкаруунун президенттик формасы үчүн добуштарын берген.
Конституциянын кайра иштетилип жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн жаңы долбоору Жогорку Кеңештин сайтында 9-февралда жарык көргөн. Жарандык коомдун нааразылыгынан кийин, долбоорду парламент караганга чейин эле коомдук талкууга койгон — бир катар депутаттар мыйзам долбоорун жашыруун карап жана кабыл алгылары келген.
Бирок бул версия да өзүндө бир катар так эместиктерди, укуктук коллизияларды жана адам укуктарын бузууларды камтыйт. «Адилет» укуктук клиникасынын юристтери долбоорду талдап, аны парламентте кароо үчүн өтө чийки жана аягына чейин иштелип чыккан эмес деп табышкан.
Кыргызстан юристтер коомдоштугу сыяктуу, «Адилет» клиникасы да Башмыйзамдын жаңы долбоорунун текстин өтө кылдат окуп чыгууну, кайрадан иштеп чыгууну жана эл аралык келишимдерге жана укуктук дүйнөлүк нормаларына ылайык келтирилишин өтүнүшкөн.
Бирок 2-мартта Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам боюнча комитети баш мыйзамдын жаңы долбоорун жактырган. Анткен менен күн тартибине бул маселе кирген эмес болчу. Конституциялык кеңешме кайра иштеп чыккан долбоордун коомдук талкуусу бир айдан кем эмес убакытка созулушу керек болчу — кеминде 2021-жылдын 9-мартына чейин. Колдонуудагы Конституцияга ылайык, профилдик комитет караганга чейин мыйзам долбоору бир катар процедуралардан өтүүсү керек болчу.
Юристтер менен эксперттер Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алууда депутаттар тарабынан мыйзамдардын сакталбай жатышы келечекте «маморгандардын ишинин мыйзамдуулугунан» күмөн санатып, «чыр-чатактардын кайталанышына» алып келиши мүмкүн экенин эскертишкен.
Бирок 3-мартта депутаттар биринчи окууда эле референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алышкан. Арадан дагы бир нече күндөн кийин, тагыраагы 11-мартта, депутаттар баш мыйзамдын жаңы долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда көпчүлү добуш менен жактырышкан. Ошол эле учурда расмий күн тартибинде Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзам көрсөтүлгөн эмес болчу.
Конституцияга байланыштуу референдум 2021-жылдын 11-апрелине, жергиликтүү кеңешке шайлоолор менен бир күнгө белгиленген. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 12-мартта кол койгон.