Centerra Кыргызстандын «Кумтөр» келишимдеринен чыгуу демилгесине жооп берди

Иллюстративдик сүрөт

Centerra Gold Inc. Кыргызстандын коррупциядан улам «Кумтөр» долбоору боюнча инвесторлор менен келишимдерди денонсациялоо тууралуу билдирүүсүнө комментарий берди.

«Кыргыз өкмөтү Кумтөрдү колго алуу үчүн негизсиз дооматтарды колдонуп жатат», — деп жазат «Азаттык» Centerra’нын өкүлдөрүнүн билдирүүсүн.

*Кыргызстан «Кумтөр» боюнча келишимдерден чыгуу процессин баштады. УКМКнын маалыматына ылайык, буга «канадалык инвесторлор менен кызматташуу мезгилиндеги масшабтык коррупция» себеп.

Инвестордун пикиринде, Кыргызстан менен чет элдик компаниялардын ортосундагы акыркы 20 жылда «Кумтөр» долбоору боюнча түзүлгөн келишимдерди бир тараптуу бузууга болбойт. Centerra эгерде кыргыз бийлигинин инвестор менен талашы болсо, анда кыргыз өкмөтү эл аралык арбитраждык сотко кайрылышы керек деп эсептейт. «Centerra бул талашты кыргыз бийлиги менен конструктивдүү диалог аркылуу чечүүнү туура көрмөк. Бирок алардын байланыштан баш тартуусу бизге арбитраж жана башка мыйзамдык жолдор аркылуу натыйжалуу чара издөөдөн башка тандоо калтырган жок», — деп билдирет инвестор.

Мурдараак Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кени Кыргызстандын карамагына өткөндөн кийинки зыянды 926,4 млн доллар деп баалаган. Инвестор Кыргызстандын иш-аракетин «жалган жана адамдардын башын адаштырган маалыматтын негизинде кенге болгон көзөмөлдү тартып алуу» катары баалай турганын эскерткен.

Мындан сырткары, финансылык кызматтарды көрсөткөн америкалык StoneX Group Inc. корпорациясы «кенди басып алынды» делген билдирүүлөрдөн улам «Кыргызалтын» ААКсын Лондон сотуна берип, 1 млн доллардан ашуун акча талап кылууда.

Корпорация «Кыргызалтынды» StoneX’тин алтынын метрикалык тоннасынын жарымын жеткирүүнү үзгүлтүккө учураткан деп айыптоодо. «Кыргызалтын» трейдер «Кумтөргө» бере турган 29 млн долларды колго алууга аракет кылган деп дагы айыпталып жатат.

«Кумтөрдүн» айланасында эмне болуп жатат? Кеңири окуңуз:

УКМК «Кумтөр» боюнча иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгын көрсөттү

Нью-Йорк соту «Кумтөрдүн» активдери менен эсептерин камакка алуу өтүнмөсүн убактылуу четке какты

УКМК «Кумтөр» боюнча келишимдерден чыгуу процессин демилгеледи