УКМК «Кумтөр» боюнча келишимдерден чыгуу процессин демилгеледи

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлда өткөн басма сөз жыйында өкмөттүн «Кумтөр» боюнча келишимдеринен чыгуусу демилгеленгенин билдирди.

Ташиев түшүндүргөндөй, денонсация «Кумтөр» долбоору боюнча Канада тарап менен түзүлгөн бардык келишимдерге тиешелүү. Аны менен бирге УКМК өлкөнүн кызыкчылыктарына жооп бербеген ички ченемдик-укуктук актыларды жокко чыгарууну дагы демилгелеп жатат.

«Биз тараптан, УКМКнын тергөөсү Кыргызстандын өкмөтүнүн алдында 2009-жылкы жана башка келишимдерден чыгуу демилгеленди, бул кыргыз тараптын Centerra Gold Inc. компаниясынын курамынан чыгуусуна алып барат», — деди Ташиев.

Ал «Кумтөр» иши боюнча кармалган мурдагы жана азыркы саясатчыларга карата коррупцияга аралашканы боюнча УКМКда далилдер бар экенин кошумчалады.

«Алар күнөөлүү эмеспиз деп жатканы — жөн гана куру кыйкырык. Бизде факттар бар, тергөө тарабынан толук далилденген эпизоддор бар [...] Бизде ал адамдардын күнөөсү жоктугун көрсөтүп жаткан журналисттер бар, андай болбойт. Бул жерде күнөөсү жок адам отурбайт, эгерде күнөөсү жок болсо, анда ал акталат», — деп билдирди УКМКнын башчысы.

Ошондой эле Ташиев «[УКМКнын кызматкерлери] тергөө иштеринде жаңылышып калбаганына» үмүттөнөт.

Мындан тышкары, Ташиев кылмыш иштери дагы деле жүрүп жаткан бир катар адамдарды жана эскирүү мөөнөтүнө байланыштуу кылмыш иштери жабылган адамдарды тизмектеди.

Издөө жарыялангандар:

  • тактан кулатылган президент Аскар Акаев;
  • тактан кулатылган президент Курманбек Бакиев жана уулу Максим;
  • экономиканы өнүктүрүү комитетинин экс-төрагасы Борис Бренштейн;
  • Мамгеологиянын экс-директору Капар Курманалиев;
  • «Кыргызалтын» башкармалыгынын экс-төрагасы Алексей Елисеев;
  • канадалык инвестордун өкүлү Андрей Сазанов.

Мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу иш кыскарып, бирок айыбын мойнуна алгандар:

  • экс-премьер-министр Турсунбек Чынгышев ;
  • экс-премьер-министр Апас Жумагулов;
  • «Кыргызалтындын» мурдагы башчысы Дастан Сарыгулов;
  • экс-премьер-министр Игорь Чудинов;
  • «Кыргызалтын» башкармалыгынын экс-төрагасы Алмаз Жакыпов.

«Кумтөр» иши

Кумтөр кенинин айланасындагы чуу бир нече айдан бери токтобой келет. Алгач, Октябрь райондук соту 7-майда «Кумтөр Голд Компани» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен.

Андан бир күн мурда, 6-майда парламент депутаттары каалаган компанияга сырттан башкаруу киргизүүгө жол берген мыйзам долбоорун дароо үч окууда кабыл алышкан болчу.

Тема боюнча: «Кумтөрдү» сотко бергендер мурда адамды барымтага алуу боюнча соттолгон. Алар кимдер?

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

Ошол эле кезде депутаттар дагы бир вариантты сунушташкан — «Кумтөр» менен өкмөттүн ортосундагы келишимдердин баарын жокко чыгаруу же ишканага убактылуу сырттан башкаруу киргизүү. Кийин 14-майда тышкы башкаруу жөнүндөгү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Кийин 18-май күнү өлкө жетекчилиги Канада ишканасынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүктү «Кумтөр Голд Компани» компаниясынын убактылуу сырттан башкаруучусу кылып дайындаган.

Мындай чечимге Канаданын өкмөтү реакциясын билдирип, Кумтөрдүн айланасында болуп аткан окуяга карата үн каткан. Билдирүүгө ылайык, «Кумтөр Голд» компаниясына тышкы башкаруу киргизүүгө өтүү Кыргызстанга «түз келген чет өлкөлүк инвестицияларга узак убакытка залалын тийгизиши ыктымал».

Кийинчерээк бир катар чуулуу сурактар, саясатчыларды жана депутаттарды кармоо жүргүзүлгөн: алар «Кумтөр» кенин казуу боюнча долбоорду ишке ашыруудагы коррупцияга шектелип жатат. Негизинен, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, андан тышкары экс-депутаттар Исхак Пирматов менен Талантбек Узакбаев кармалган.

Ал эми 8-июлда Centerra Gold Inc. арбитраждык сотто кыргыз өкмөтүнө кошумча доо талаптарды койгонун билдирген.

Centerra Gold Inc. кыргыз өкмөтү менен «Кыргызалтынга» «алтын кенин биргелешип басып алып, эзелки инвестициялык келишимдерди бузушкандыктан» тарткан бардык зыян менен чыгымдар үчүн да жоопкерчилик жүктөгөн.