Саламаттык сактоодогу коррупция: УКМК экс-министрдин тууганын кармады

УКМК кызматкерлери саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы башчыларынын биринин жакын тууганын фармкомпаниялардын кызыкчылыгын сүрөмөлөөгө шектеп кармады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы 15-октябрда кабарлады. Андан тышкары, атайын кызмат саламаттык сактоо тармагындагы коррупциянын бетин ачуу боюнча иштер улантылып жатканын кошумчалашты.

Мамкомитеттин версиясы боюнча, кармалган С.Ж.К. «Дары-дармектер менен камсыздоо департаментинде дары-дармек каражаттарын каттоо жана кайра каттатуу процессин мыйзамсыз тездетүү» үчүн саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарына пара берген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту шектүүнү тергөө аяктаганча УКМКнын тергөө абагына киргизди.

Фарм-мафиялар

УКМК төрагасы жана минкабдын башчысынын орун басары Камчыбек Ташиев Кыргызстанда саламаттык сактоо министрлигинин чиновниктери аралашкан фармакологиялык мафия бар экенин бир нече жолу айткан.

Камчыбек Ташиев 13-октябрдагы парламент жыйынында. Трансляциядан скриншот 

«Бул жерден дары-дармек менен камсыздоо деген департамент өз милдетин аткарбастан, кылмышкерлер менен биригип алып, элдин канын соруп атышат. Мамлекет өз функциясын аткара албай калган. Булар тескерисинче ошолорго кошулуп алып, дарынын кымбаттыгын камсыздап, финансылык мафияны түзүшкөн. Бүгүнкү күндө, УКМК фарм-мафияны толугу менен көзөмөлгө ала баштаган. Үч-төртөө СИЗОдо отурат. Бул чек эмес. Биз адистерди гана кармадык, эми Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигине да жетебиз. Бир катар депутаттар мурунку депутаттардын фармкомпаниялары бар. Мурунку министр Космосбек Чолпонбаевдин карындашынын да фарм-мафиясына тиешеси бар, алар министрликтин деңгээлине чыгарып алышкан. Октябрь ичи дары-дармекке болгон баа кескин төмөндөйт», — деген ал 13-октябрда парламенттин жыйынында.

Анда октябрдын аягында өлкөдө дарынын баасы кескин арзандайт деп билдирген.Сентябрдын аягында УКМК Кыргызстанга дары-дармектерди алып келип, аны «кыйла кымбат баада» сатып жүргөн фармкомпаниялардын тобун аныктаган.

«Бул компаниялар тобу көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын колдоосу менен салыктан качуу үчүн импорттук дарылардын чыныгы наркын жашырып, бирок калкка сатууда спекуляция кылгандары аныкталды», — деп билдирген УКМК.

Бул иш боюнча атайын кызмат тарабынан фармкомпаниялардын биринин башчысы коррупцияга шектелип кармалган. Ал УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген.