БУУнун Кыйноолорго каршы комитети 10-ноябрдагы сессиясында Кыргызстанды Орхан Инандыга байланышкан иште эл аралык милдеттенмелерин аткарбаганы үчүн сынга алды. Түркиянын атайын кызматы «Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инандыны Бишкектен уурдап кетип, кыйноого алып, кийин Түркияга жеткирген болчу.
«Кыргызстан Кыйноолорго каршы конвенциянын 3-беренесин аткарган жок. Бул берене бир дагы мүчө-мамлекет жаранга олуттуу коркунуч туулуп жатса, аны башка мамлекетке кайтарып, жиберип же берүүгө укугу жок. Кыргызстан Орхан Инандынын жоголушун тыкыр иликтеген эмес», — берди «Азаттык» БУУнун билдирүүсүн.
Андан мурда БУУнун сессиясында Орхан Инанды менен кошо эле өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин, казакстандык активист Мурат Тунгысбаевдин мекенине кайтарылганы да сынга алынып, Кыргызстан куугунтукка алынган адамдарга башпаанек бергендин ордуна, аларды кыйноо күтүп турган өлкөлөргө кайтарып берген мамлекет катары белгиленген.
Тема боюнча окуңуз:
158 күн мурда уурдалган Орхан Инанды кыргызстандыктарга салам жолдоду
Женевада өтүп жаткан БУУнун Кыйноолорго каршы комитеттинин жыйынында Кыргызстан өлкөдө кыйноолор менен кантип күрөшүп жатканы тууралуу отчет берип жатат. 1997-жылы Кыргызстан Кыйноого жана башка адамдын ар-намысына шек келтирген жазаларга каршы эл аралык конвенцияны ратификациялоо менен, бир катар эл аралык милдеттенмелерди алган.
Инандынын уурдалышы
Орхан Инанды Түркияда туулган, кийин 1995-жылы Кыргызстанга келип, 2012-жылы кыргыз жарандыгын алган. Ал «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесин негиздеген төрт кишинин бири. Ал 2021-жылдын 31-майында Бишкекте дайынсыз жоголгон. Кыргызстанда ал бир айдан ашык изделип, башка өлкөлөрдөн да Интерпол аркылуу изделген.
Укук коргоо органдары Орхан Инанды изделип жатат деп маалымат берип турган учурда Эрдоган маселеге чекит коюп, Инанды Түркияда экенин билдирген. Тагыраагы, 5-июлда түрк башчысы Инандыны Түркияга өлкөнүн атайын кызматы алып келгенин айткан.
Эрдогандын айтымында, Инандыны Түркияга өлкөнүн атайын кызматы алып келген. Эрдоган Инандыны «ФЕТОнун* Борбор Азия боюнча башчысы» деп атаган. Ошондо ал террорчуларга каршы атайын операциянын алкагында Инанды менен чогуу ар башка өлкөлөрдөн 100дөн ашык киши алынып келингенин билдирген.
Кыргызстандын реакциясы жана позициясынын өзгөрүүсү
Кыргызстандын бийлиги Эрдогандын билдирүүсүнө 6-июль күнү кечинде гана реакция кылган. Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганга нота тапшырып, кыргыз жаранын кайтарып берүүгө чакырган.
Президент Садыр Жапаров болсо өлкө «Орхан Инандыны кайтарып берүүнү талап кыларын» убадалап, түрк тарапка бул боюнча маселе көтөрүлгөнүн билдирген.
Ал эми 8-июлда Бишкек ШИИББи Инандынын эки жарандыгы болгонун билдирген. Милициянын маалыматына ылайык, ал мөөнөтү 2024-жылдын 23-сентябрында аяктай турчу Түркиянын жаранынын паспортун алып жүрүп, 2012-жылы Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту менен ID-паспортун алган.
Милициянын маалыматына ылайык, ал Түркия Республикасынын жарандыгынан баш тарткан эмес, кош жарандыкты алып жүргөн. Мындан тышкары, ШИИББ Орхан Инандынын кыргыз жарандыгын алганынын мыйзамдуулугу боюнча 2019-жылы эле сотко чейинки өндүрүш ачылганын билдирген.
Паспортторду мыйзамсыз берүү иши боюнча милиция бир канча кишиге айып таккан, анын ичинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана Жарандык маселелери боюнча комиссиянын экс- жетекчиси Фарид Ниязов дагы бар.
Ал тургай бул иш боюнча биринчи өкүм чыккан. Бишкектин Биринчи май райондук соту Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты каттоо департаментинин мурдагы жетекчиси Дүйшөн Сатыбалдиевди паспортторду мыйзамсыз берүү иши боюнча күнөөлүү деп тапкан. Ал тергөө менен кызматташууга барганы үчүн 260 миң сом айыпка жыгылган. Сот өкүмүндө Инандыга жарандык жана паспорт мыйзамсыз берилгени айтылган.