Түштүк-Сахалинде шайлоо жыйынтыкталды. «Бүтүн Кыргызстан» алдыда

Орусиянын Түштүк-Сахалин шаарындагы №9013 участогунда бирдиктүү шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоо жыйынтыкталды. Алдын ала маалыматтар боюнча «Бүтүн Кыргызстан» партиясы алдыда.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча чекти Фейсбук колдонуучусу Мирбек Мунарбек уулу жарыялады.

№9013 участкасынын чеги. Мирбек Муратбек уулунун Фейсбук барагы.

Чектеги маалыматка ылайык, добуш берүүгө 203 адам катышкан. Анын ичинен 76 киши «Бүтүн Кыргызстан» партиясын шайлаган. Алдыңкы үчтүккө «Ишеним» партиясы — 32 жана «Ыйман-Нуру» — 16 кирди. Ал эми эки адам «Баарына каршы» добуш берди.

  • «Ынтымак» партиясы -15;
  • «Ата-Журт Кыргызстан» — 14;
  • «Альянс» — 11;
  • «Эл үмүтү» — 11,
  • «Улуттар Биримдиги» — 8;
  • «Ата-Мекен» — 7;
  • «Азаттык» — 3;
  • «Багыт» — 1;
  • «Кыргызстан жашылдар партиясы» — 1;

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова 28-ноябрдагы брифингде парламенттик шайлоодо биринчилерден болуп Орусиянын Түштүк-Сахалин шаарындагы шайлоочулар добуш бергенин айткан. Добуш берүү Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 3тө башталган. Түштүк-Сахалин менен Кыргызстандын ортосунда беш саат айырма бар.

Чет өлкөлөрдө жалпысынан 59 шайлоо участкасы ачылган. Өлкө сыртында шайлагандар бир мандаттуу округ боюнча добуш бере албайт.

2020-жылы 4-октябрда өткөн шайлоодо Түштүк Сахалинде добуш берген 330 шайлоочунун 127си «Бүтүн Кыргызстанды» тандаган. Көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, анын кесепетинде өлкөдө бийлик алмашкан.

Бүгүн, 28-ноябрда өлкө боюнча 2 435 шайлоо участкасында парламенттик шайлоо өтүп жатат. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат. Депутаттар 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Парламенттик шайлоо аралаш шайлоо системасы аркылуу өтөт. 54 депутат бирдиктүү шайлоо округунан, пропорционалдуу шайлоо системасы аркылуу шайланышса, ал эми 36 элдик депутат мажоритардык система аркылуу бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат.

Шайлоого 21 партиядан 1 002 адам, ал эми бир мандаттуу округдардан 282 киши талапкер болду.

Тема боюнча:

Шайлоо-2021. Биринчилерден болуп Түштүк Сахалиндеги шайлоочулар добуш берди