БШКга шайлоодогу мыйзам бузуу тууралуу 17 кайрылуу келип түштү

Тынчтык Шайназаров. 

Шайлоо башталгандан бери БШКнын Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна мыйзам бузуу боюнча 17 кайрылуу түштү. Бул тууралуу аталган топтун жетекчиси Тынчтык Шайназаров брифингде маалымдады.

Шайназаров эң көп кайрылуу Чүй облусунан (тогуз кайрылуу) келип түшкөнүн белгиледи. Ал эми Баткенден үч, Ош облусунан эки, Бишкек жана Ысык-Көл менен Жалал-Абаддан бирден кайрылуу келип түшкөн.

Шайназаровдун айтымында, АСУнун бузулуусу жана үгүт ишиндеги эреже бузуу боюнча бештен кайрылуу, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө карата үч арыз, добуш сатып алуу боюнча эки, шайлоочуларды ташуу менен шайлоо эрежелерин бузуу боюнча бирден кайрылуу келген.

Ошондой эле, Шайназаров кайрылуулар ИИМге жиберилгенин жана ал жактан тиешелүү юридикалык баа берилерин кошумчалады.Пар

Бүгүн, 28-ноябрда өлкө боюнча 2 435 шайлоо участкасында парламенттик шайлоо өтүп жатат. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат. Депутаттар 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Парламенттик шайлоо аралаш шайлоо системасы аркылуу өтөт. 54 депутат бирдиктүү шайлоо округунан, пропорционалдуу шайлоо системасы аркылуу шайланышса, ал эми 36 элдик депутат мажоритардык система аркылуу бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат.

Шайлоого 21 партиядан 1 002 адам, ал эми бир мандаттуу округдардан 282 киши талапкер болду.

Тема боюнча:

ИИМ: Үч айда шайлоого байланыштуу 400дөн ашык мыйзам бузуу катталды

Шайлоо 2021: Саат 16:00гө карата шайлоочулардын 22%ы добуш берди