Акылбек Жапаров ОшМУнун жамааты менен жолугушууда Кэмбридж университетин мисал кылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушту. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы 21-декабрда билдирди.

Жапаров «2020-жыл билим берүү тутумун кардиналдуу түрдө өзгөрттү» деп, система «реформалоого муктаж» экенин белгиледи.

«Ааламдашуу, технология дүйнөсүндөгү кескин секириктер, нано жана нейро технологиялар, санарипке өтүү, жашыл экономика — мунун баары санариптештирүү доорунун талабы. Билим берүү тутуму заман талабына жараша болушу зарыл», — деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы Улуу Британиядагы Кэмбридж университетин мисал катары келтирип, анын студенттери 1400 компания негиздегенин белгиледи.

«Мисалы Кэмбридж университетин алалы: 10 жылдын ичинде бул университеттин студенттери стартаптарын ишке ашырып, иш жүзүндө иштеген 1 400 фирма ачкан. Сиздер бир гана теорияны үйрөтпөстөн студенттерге стартаптарды жана идеяларды ишке ашырууга, багытты тандоого жардам беришиңиздер керек. Биз ушинтип даяр кадраларга ээ болобуз», — деди Жапаров.

Ошондой эле Жапаров Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан «Университет 4.0» концептуалдык моделинин жаңы форматы иштелип чыкканын белгиледи. Анын айтымында, аталган модель «жогорку билим берүүнү өнүктүрүүнүн дүйнөлүк тенденцияларына толук жооп берет».

*«Университет 4.0» концепциясына ылайык, ЖОЖдор бир гана билим бербестен эффективдүү, сапаттуу изилдөөлөрдү жасап экономиканы өнүктүрүү үчүн инновацияларды киргизиши керек. Концепция үч жылга эсептелген.

Акылбек Жапаров 9-ноябрда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековду кызматтан алган. Буга окуу жайдын студенттеринин «Азаттык» партиясынын үгүт иш-чарасына катышканы себеп болгон.

Кожобековдон сырткары ОшМУнун Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин деканы Бактыбек Муратбаев жана үч окутуучусу иштен бошотулган. Ошондой эле билим берүү министри Болот Купешевге жана Оштун мэри Алмаз Мамбетовго сөгүш жарыяланган.

Мыйзамга ылайык, жогорку окуу жайдын ректорун университеттин жамааты шайлайт. Ал эми үстүбүздөгү жылдын август айында мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, улуттук университеттердин ректорлорун президент дайындасын деп сунушталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Үгүт жана студенттер. ОшМУнун ректору иштен алынып, Оштун мэрине сөгүш жарыяланды

«Ордунда калсын». ОшМУнун алдында Кудайберди Кожобековду колдоо акциясы өттү