Равшан Жээнбеков: УКМК карындашыма кайра кылмыш ишин козгоду

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун карындашы Мира Жээнбековага карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу саясатчы Фейсбук барагында билдирди.

«Карындашым Мира Жээнбековага УКМК “Коррупция” боюнча иш козгошуптур. Азыр эле сурактан келди», — деп түшүндүрдү Жээнбеков.

Жээнбековдун айтымында, «мурдагы бийликтин тушунда оппоненттерди эле куугунтуктап жана камашчу эле, азыр бир тууган, бала-чака, жардамчыларга өтүп алышты».

«Бул жол бийликти, мамлекеттик институттарды жана өлкөнү туңгуюкка гана алып барат. Бул жол менен оппозицияны жок кылуу, оозун басуу мүмкүн эмес», — деди саясатчы.

УКМК Мира Жээнбековага карата козголгон кылмыш иши боюнча азырынча комментарий бере элек.

Мыйзамсыз баюу боюнча тагылган айып

8-апрелде УКМКнын басма сөз кызматы Бишкек шаардык сотунун судьясы Мира Жээнбекова мыйзамсыз баюуга шектелип жатканын билдирген.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, судья мыйзамдуу киреше булактарына ээ болбостон, 74 кымбат баалуу батир, 19 коммерциялык бөлмө, 10 унаа токтотуучу жайын жана Бишкектин «алтын квадраты» делген аймакта да кымбат жер тилкелерин сатып алган.

Temirov LIVE ютуб-каналынын иликтөөчү-журналисттери УКМК Равшан Жээнбековдун карындашы, судья Мира Жээнбековага таандык деген кыймылсыз мүлктөрү бир эле курулуш, тактап айтканда, көп кабаттуу имарат экенин аныкташкан. Журналисттер курулуш компаниясы менен үлүштүк катыш жөнүндө келишимге ылайык, эки үй-бүлө көп кабаттуу имараттын аянтынын 20%на ээлик кылаарын. Бул ар бир үй-бүлөгө 74 эмес, 7-8 батир гана туура келет деген сөз.

Ал эми Мира Жээнбековага тиешелүү делген эки үйдүн бири 2017-жылы эле агасы тарабынан сатылган. Ал эми калган эки объкттин бирин сот болгонго чейин эле сатып алса, бирин мураска алган.

Равшан Жээнбеков — парламенттин экс-депутаты. Алмазбек Атамбаевдин президенттиги учурунда ал оппозицияда болгон. Бирок мурдагы президент куугунтукка алына баштаганда аны колдоп чыккан. Ал Атамбаевдин Кой-Таштагы резиденциясы штурмга алынганда аны колдоп барып, натыйжада өзү да камакка алынган.

27-декабрда саясатчы камак мөөнөтү өтүп кеткендиктен абактан бошотулган — ага карата иш дагы деле иликтенип жатат.