Кыргызстанда 10 миңден ашуун орусиялык каттоого турду. Эмне үчүн буга таң калбаш керек?

Бир канча күндөн бери ар башка басылмалар Санариптик өнүктүрүү министрлигине таянып, 1-17-март аралыгында Кыргызстанда 10 миң 357 орус жараны жашаган жери боюнча каттоого турганын жазышты. Жалпысынан ведомствонун маалыматы боюнча, жыл башынан 17-мартка чейин 38 миң 42 орусиялык каттоодон өткөн.

«Бул эмнеден кабар берет?» деген суроого жооп алуу үчүн «Клооп» Санариптик өнүктүрүү министрлигине кайрылды. Кыскача айтканда, буга таң калуунун деле кажети жок.

Түшүндүрөбүз

Чет элдик жарандар жана жарандыгы жоктор Кыргызстанда жашаган жери боюнча каттоого турууга милдеттүү. Ошол эле учурда каттоо мөөнөтү алты айдан ашпоого тийиш. Эгер чет өлкөлүк жаран андан да узак жүрсө, анда ал жарым жыл сайын кайрадан каттоодон өтүп турушу керек.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги 10 миңден ашуун орусиялыктын каттоого турганы март айында Кыргызстанга Орусиянын ушунча жараны келди дегенди билдирбесин айтат.

Министрликтен алар балким жөн гана каттоо мөөнөтүп узартып жаткан чет өлкөлүк жарандар болушу мүмкүн деп түшүндүрүштү.

«Бүгүнкү күнү каттоодон өткөндөрдүн арасында орусиялыктардын саны бир аз өскөнү байкалууда. Бирок чоң ажиотаж жок. Калкты тейлөө борборлоруна кайрылгандар ошол эле күнү кызматтарды толук алып кетип жатышат», — деп билдиришти министрликтен.

Ведомствонун маалыматына ылайык, өткөн жылдын март айында Орусиянын 16,5 миң жараны жашаган жери боюнча каттоого турган. Ал эми 2021-жылдын биринчи үч айлыгында жалпы 42 миң орусиялык каттоодон өткөн.

Дагы окуңуз: «Кийим-кечени чогултканга гана үлгүрдүк». Эмне үчүн орус жарандары Кыргызстанга келип жатат?