Ош ШИИБ: Синтетикалык баңгизат саткан каналдын ишине бөгөт коюлду

Ош шаардык милициясы 31-мартта синтетикалык баңгизат саткан каналдын ишине бөгөт коюлганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, шаардык милициянын баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына белгисиз бирөөлөр курулуп жаткан имараттардын дубалына электрондук даректерди жазып кетип жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Кийинчерээк милиция кызматкерлери электрондук даректерди баңгизат саткандар жазганын аныкташкан. Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө беш адам кармалды — алардын бирөө синтетикалык баңгизат сатуучу, калган төртөө сатып алып жаткан кишилер.

Кармалган 44 жаштагы «И.А.» атуу шектүүнүн жанынан 0,5 грамм баңгизат болгон. Анын үйүн тинтүү учурунда электрондук даректи жазуу үчүн трафареттер, боёк жана баллондор табылган.

Учурда шектүү Ош ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө уланып жатат.

Буга чейин, 18-мартта Ички иштер министрлиги интернет аркылуу баңгизат саткан 30 онлайн-дүкөндү жапканын билдирген. Министрлик Darknet, ViPole, Telegram жана башка социалдык түйүндөрдө тыюу салынган заттарды саткандарга дайыма мониторинг жүргүзүлүп турарын эскерткен.

Тема боюнча:

«Баңгизат саткандарды коргоп жүргөн». Милициянын отставкадагы полковниги кармалды

Ысык-Көлдө баңгизат ташып бараткан жаран кармалып, эки айга камакка алынды