Жалал-Абад: Окуучулардын жол акысы 10 сом, пенсионерлердики 15 сом болду

Жалал-Абад шаарында окуучулардын маршруттук каттамдардагы жол акысы 10 сомду түздү. Ал эми пенсионерлердин жол акысы 8 сомдон 15 сомго чыкты. Бул тууралуу «Клоопко» Жалал-Абад мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечимди шаардык кеңештин депутаттары кабыл алган. Токтом 4-октябрдан тарта күчүнө кирди.

Мэриядан жол акысын жогорулатууну айдоочулар суранганын белгилешти. Алар бааны көтөрүүнү учурда күйүүчү майдын жана унаа тетиктеринин кымбаттаганы менен негиздешкен.

«Учурдагы кырдаалды көрүп, өзгөртүлгөн тарифтерге ата-энелер, жарандар тарабынан өтө деле нааразычылык билдирип, кайрылгандар боло элек. Туура эле түшүнүп жатышат окшойт», — деп белгилешти мэриядан.

2021-жылдын аягынан бери Бишкек баштаган бир нече шаарларда маршруттук каттамдардын жол акылары көтөрүлүп жатат. Айдоочулар буга күйүүчү майдын жана унаа тетиктеринин баасы кымбаттаганы себеп болгонун айтып келишет.


ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен шаарында маршруттук каттамдын жол акысы 15 сомго жогорулады

Ош шаарында маршрутканын жол акысы күндүз 15, кечкисин 20 сом болду

Ошто маршрутканын айдоочулары жол акысын 15 сомго көтөрүүнү талап кылууда

Бишкек мэриясы: Коомдук транспортто жол акысын көтөрүү маселеси талкууга коюлду