Бекназаров ТИЗО-1ден кат жазды: Бизди Кемпир-Абадды берип салуу үчүн кармап жатышат

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси, массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү иши менен кармалган Азимбек Бекназаров ТИЗО-1ден кат жазды. Кат активист Рита Карасартованын Фейсбук барагына жарыяланды.

Катта Бекназаров кыргызстандыктарга кайрылган.

«Бийлик бизди 22 адамды өлкөдө массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүшкөн деп, мыйзамсыз камап олтурушат! ​Биздин саясат, көз карашыбыз ар түрдүү, саясий уюмдары да ар түрдүү. Бирок “Кемпир-Абад” маселесинде бир пикирдеги инсандар. ​Мындан ары Кемпир-Абадды кантип сактап калабыз деген максатта кеңешүүгө чогулганбыз. ​Жыйында ар түрдүү пикирлер айтылды, бирок массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүү жөнүндө эч ким айткан эмес», — деп жазат саясатчы.

Мурдагы элчи эмне үчүн президент Кемпир-Абадды Өзбекстанга берүү маселеси боюнча жыйын өткөрсө — бул мыйзамдуу, ал эми жарандар суу сактагычтын берилишине каршы чыгып чогулушса — бул кылмыш болуп эсептелиши керек деп суроо салды.

«​Бизди камоонун максаты Кемпир-Абадды Өзбекстанга өткөрүп бергиче бизди түрмөгө камоо, анан кошоматчы П.К.А.С.Стар менен эч каршылыксыз кол чабуулар, ушунчалык сүйүнүч менен Шавкат Мирзиёевге Кемпир-Абад суу сактагычты өткөрүп берүү болуп жатат», — деп белгиледи элчи.

Бекназаров ошондой эле президент Садыр Жапаровго кайрылды.

«Атайын, мүмкүн заказной жыйынга кеңешели деп, бизди топтоп, анан “оптом” камап салуу планыңар болгондугу эми белгилүү болуп калды! ​Силерге эптеп Кемпир-Абаддын берилишине каршыларды топтоп, анан камап салганыңар чоң жеңиш болду. ​Ал кеңеш жыйында эч ким массалык башаламандыкка даярдык көрөлү деп айткан жок. Сизге жана Жогорку Кеңешке мыйзам чегинде таасир берүү, Кемпир-Абадды сактап калуунун жолдору боюнча ой-пикирлер айтылды. ​Сиздер үчүн “камаганга адам болсо статья табылат” принциби маанилүү болуп жатат», — деп эсептейт саясатчы.

Ал [президенттин] атаандаш болбогон аялдар менен жаштарды кармоо мыйзамсыз гана эмес, гумансыз дагы экенин белгиледи. Бекназаров Жапаровду аялдарды бошотууга чакырды.

«Бизде сиздин курултайга альтернатива катары элдик курултай өткөрүү жана аны уюштуруу демилгечи тобу түзүлгөн. Күн тартибиндеги “Кумтөр” алтын кени, Баткен окуялары, чек ара жана саясий куугунтуктар боюнча атайын коомдук комиссия түзүлгөндүгүн атайын расмий билдирип, ал коомдук комиссияларды куугунтукка албасын деген максатта алдын ала тизмесин да жибердик эле. Бүгүн алардын бир нечеси кармалып олтурат, анткени алар сиздин, эки достун буйругу менен камалып олтурушат. Муну кандай түшүнөбүз? Аларды бошотууну суранам!» — деп чакырды саясатчы.

Бекназаров президент үчүн аны кармоо маанилүү болгон деп эсептейт.

«Мен үчүн уулум Бекназаров Русланды эки айдан бери камап олтурасыз! ​Эми мени оппозициялык кыймыл уюштурган жыйынга катышканым үчүн камап, эптеп максатыңызга жеттиңиз! ​Мен азыр силердин колуңардамын, соттосоңор да, өлтүрсөңөр да өз эркиңер, эми уулумду камактан чыгаргыла! ​Атасы үчүн уулумду, анын үй-бүлөсүн азапка салбагыла. Бекназаровдун үй-бүлөсү сизге, досуң экөөңөргө эч качан жамандык кылган эмес!​ Өчүңөр болсо менден алгыла мүмкүн Акаевдин өчүн алып берип жатасыңар», — деп белгиледи ал.

Мурдагы элчи кимдики туура экенин келечекте тарых өзү көрсөтөт деп билдирди.

«Кеч боло элегинде “тарых үчүн, келечек муун “ үчүн жогорудагы кетирип жаткан кемчиликтерди оңдоого дагы деле чакырам. Бектер келип кетет! Ал эми жерибиз, элибиз жок дегенде, өзгөрүүсүз кемибей калышы керек. Мен сизден бийлик сураган же талашкан жокмун, андай оюмда жок. Бирок кийинки муунга Кыргызстан жеринин бүтүндүгүн, кыргыздын намысын ким менен болбосун кашык каным калганча талашканга укугум бар», — деп сөзүн жыйынтыктады саясатчы.

Азимбек Бекназаров 23-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындаган башка активисттер жана саясатчылар менен бирге кармалган. Кармалгандардын бир бөлүгү 22-октябрда түзүлгөн Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү болушкан.

ИИМ активисттерди жана саясатчыларды кылмыш жаза кодексинин «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен кармаган.

Кийинчерээк кармалган 21 кишини Бишкектеги ТИЗО-1ге киргизген.

Активист Талант Эшалиевге да Биринчи май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралышы керек болчу. Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтымында, Эшалиев сотко инфарктка болуу абалында алып келинген.

Тема боюнча окуңуз:

Юрист Токтогазиева: Маданият министрлиги ыйгарым укугунан аша чаап «Азаттыкты» бөгөттөгөн

Кемпир-Абад чуусу: Сот кармалгандардын дээрлик баарын эки айга камакка алды