Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары Эдил Байсаловду бийликтин адвокаты деп атасак болот. Аткаминер 2022-жыл ичинде эле эки Жапаров жана жалпы эле өлкө жетекчилигинин дарегине айтылган өзгөчө колдогон сөздөрү менен айырмаланды.
Баары жыл жыйынтыгын чыгарып жатканда «Клооп» бул жылы Эдил Байсалов эмнеси менен эсте калганын эскерүүнү туура көрдү. Келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен!
«Мамлекет сага бир тыйын карыз эмес»
Апрелде пенсиялык реформа жөнүндө парламенттик угуулар учурунда Эдил Байсалов жарандар пенсия үчүн акчаны өздөрү топтошу керек экенин, мамлекет эч кимге карыз эмес экенин айткан.
«Негизинен биздин экономикада иштеген, базарда отургандар, дыйкандар, мигранттар болобу, элибиздин көпчүлүгү ФОМСко дагы, социалдык фондго дагы эч кандай төлөмдөрдү төлөбөйт экен. [...] Ар бир адамга, ар бир жаранга, жаштарыбызга түшүндүрүп берсек. “Сен ушул пенсияңды эртерээк топтоп баштасаң, карыганга чейин жогору болот. Мамлекет сага бир тыйын пенсия карыз эмес дегенди биз түшүндүрүп башташыбыз керек», — деген ал.
Кийинчерээк чиновник «мамлекет силерге эч нерсе карыз эмес» дегенде пенсия жөнүндө гана кеп кылганын түшүндүргөн. Ал мамлекет жалгыз бой жарандарды ачкадан өлүшүнө жол бербей турганын, жөлөк пул төлөнөөрүн айтып ишендирген.
Байсаловдун сөздөрү орусиялык кесиптештеринин чуулгандуу билдирүүлөрүнүн ыргагында экени да таңгалыштуу.
«Эки Жапаровдун ден соолугун тилеңиздер»
Ошол эле айда Байсалов Фейсбук барагына минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровго «ичи күйгөндөр» тууралуу пост жазган.
Байсалов Акылбек Жапаров тууралуу «сын жана ушактарды» укканда күлкүсү келе турганын айткан.
«Бул кишини билип-билбей эле апыртып, көптүрүп, көрө албастык жана ич күйүтүн тим эле жашыра албагандар толтура эмеспи. Таланттуу, билимдүү жана күнү-түнү иштеген өкмөт башчы, баш вазир Акылбек Жапаров азыр мамлекетке кызмат кылып атканы — бул элибиздин бактысы…» — деп жазган ал.
Байсалов «чоң ийгиликтер алдыда», ал эми кыргызстандыктар «жакшылыктан үмүт кылышы керек» деп кошумчалаган.
«Көптү айткым, айтып бергим келет […] Азыр туура эмес болуп калат. Министрлер кабинети түзүлгөнүнө алты ай болду. Чоң ийгиликтер алдыда… Азыр туугандарыма айтаарым: жакшылыктан үмүт кылыңыздар, эки Жапаровдун ден соолугун тилеңиздер, бузуку, карасанатайларды укпаңыздар!!! Баары жакшы болот!» — деген ал.
*Эки Жапаров деп Эдил Байсалов президент Садыр Жапаров жана минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров тууралуу айткан.
«Кайгыны кайра көбөйтүштүн эмне кереги бар?»
2022-жылы февралдын аягында Бишкекте 13 жаштагы кыз беш ай бою зордукталып жүргөнү маалым болгон. Кыз «Дордой» базары тараптагы конушта таенеси жана байкеси менен жашаган. Атасы Орусияда иштеп, апасы боору ооругандыктан стационарда жатып дарыланып жүргөн.
Кийин бул иш боюнча үч киши соттолгон — эки милиция кызматкери жана базарды иштеген жүк ташуучу.
4-июлда 24.kg басылмасынын редактору Махинур Ниязова Твиттердеги барагына «мындай жаңылыктарды окуганда жаны ачып жатканын» жазган. Байсаловдун реакциясы көпкө күттүргөн эмес. Ал «бул окуя тууралуу кайра-кайра жазып, кайгыны кайра көбөйтүштүн эмне кереги бар?» — деп жазган.
Минкаб төрагасынын орун басарынын твиттерде айткандары соцтармактардын колдонуучуларынын нааразычылыгын жараткан. Эртеси күнү Дизайнер Нурбек Насыранбеков минкабдын төрага орун басарынын 13 жаштагы кыздын зордукталганы тууралуу кабарга карата комментарийинен улам иллюстрациялык сүрөт тартып, соцтүйүнгө жүктөгөн.
Иллюстрацияда «Бул жерде ЖМКга жазып, айтып чыга тургандай эч нерсе болгон жок» деп сүйлөгөн Байсаловдун сүрөтү түшүрүлгөн. Анын артында милиция кызматкерлери кичинекей кызды мазактап, колу менен кармаганга аракет кылып жатат.
Кийинчерээк Байсалов эмне дегиси келгенин түшүндүрүүгө аракет кылган. Бирок, абал андан бетер оорлогон.
Аткаминер кылмышка «кыжыры келгенин» тактап, бирок, анын айтымында, «өлкөдөгү маалыматтык гигиена» тууралуу кеп кылганын айткан.
«Биздин маалымат айдыңындагы кадимки керектөөчү — катардагы жаран — кандай гана маанайды болбосун буза турган криминал, кылмыш-кырсык, каралар, кандуу учурлар тууралуу маалыматтарга дуушар болору эбактан бери эле белгилүү. Криминалдык хроника болушу керек, ал бар. Бирок, эки-үч басылманын редакциялык саясатынан улам биздин калк негативдүү маалыматка кабылып жатат. Айтыш керек, бирок, мунун баарын силер чоң агым менен берип жатасыңар да», — деген аткаминер.
Байсалов аны «өлкөдөгү негативдүү жана жаман жаңылыктардын деңгээли жогору экени» тынчсызданырып жатканын айткан. Анын айтымында, ал ЖМКдан чындыкты жаап-жашырып кооздоону сураган эмес, бирок, «бүткүл элдин жашоосун мындай терс маалыматтар менен уулабагыла» дегиси келген.
Ал Кыргызстандын элин жакшы көрөөрүн, алар кыйналышын каалабай турганын кошумчалаган.
«Президентти колдоп, мамлекетке баш ийгиле»
Депутат Мирлан Самыйкожо 28-сентябрда атайын кызматтын кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу учурундагы ишин сындаган. Ал «[бийликтин] шалаакылыгынан жана кайдыгерлигинен улам Баткенде адамдар окко учту» деген. Эл өкүлү президент Садыр Жапаровго Баткенде болгон окуяга ким жооп берет деп суроо салган.
Ага Байсалов жооп берип — ал өлкөнү туруксуздаштырууга аракет кылып жаткан айрым тышкы күчтөр бар экенин айткан.
«Урматтуу депутат жана эл жакшылары, душмандын максатына жол бербейли. Сиз бүгүнкү чек арада болгон кырдаалды бирөөнүн “шалаакылыгы, кайдыгерлиги” деп баамдооңуз негизинен туура эмес. Мекенибиз, тарыхыбыз, тагдырыбыз, азыркы абалыбыз — бул бирөөнүн күнөөсү деп кантип айтабыз?» — деп кайрылган Байсалов эл өкүлүнө.
Мындан тышкары, Байсалов учурда «президентти колдоп, мамлекетке баш ийип», ошондой эле «эмоцияларды жабык эшик артында калтырып, душманга таба болбой, ачыкка чыгарбоо» керектигин кошумчалаган.
«Саясий жана тарыхый жоопкерчилик ошондо!» — деп белгилеген чиновник «эл эми бийлик жерди сатты деген кандайдыр бир популисттерди, ички душмандарды кечирбесин» кошумчалап.
Муну менен бирге Байсалов Самыйкожонун айткандары Кыргызстандагы демократиянын деңгээлин көрсөтүп тураарын дагы баса белгилеген.
«Чек ара маселесинде эч ким ооз ачпасын»
Октябрда «Азаттыктын» кеңсесинин алдында 30га чукул киши көз карандысыз басылмаларды — «Клооп», Kaktus Media жана «Азаттыкты» жабууну талап кылып митингге чыккан. Митингдин катышуучуларынын бири, эгер өлкөдө «чет элдик тыңчылар жөнүндө» мыйзам кабыл алынбай турган болсо, «Азаттыктын» имаратын «таш менен талкалап, бензин чачып, өрттөп кетем» деп эскерткен.
Бул окуялардын шартында 16-октябрда «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Инстаграмда пост чыгарып, «активисттерге, блогерлерге жана ЖМКга каршы азыркы күрөш Тажикстандын пайдасына жүрүп аткан максаттуу иштей өңдөнөт» деп билдирген.
Саясатчынын пикиринде, акыркы жолу Тажикстан менен болгон жаңжалды чагылдырууда жана аталган маалыматтарды дүйнө коомчулугуна жеткирүүдө тек гана активисттер, блогерлер жана ЖМК олуттуу ролду ойногон.
Буга Эдил Байсалов нааразы болгон — ал Султанбеков менен комментарийде жазыша баштаган.
«Сеники туура эмес, шыкактап жатасың. Болбосо, буга башка жагынан деле караса болот. Өлкөгө жана мамлекетке тышкы чакырыктардын алдында катарын биримдикке чогултуу керек болуп турганда ар кандай шыкакчылар, “бешинчи колонналар”, дүрбөлөңчүлөр жана жеңилип берүүчүлөр чыга калат, аларга айтылчу сөз кыска эле болушу керек», — деп жооп берген Байсалов саясатчынын постуна.
Андан соң минкабдын төрагасынын орун басары, «бешинчи колонна» деп ЖМКны эмес, «өзүн улуттун абийири же куткаруучусу деп сезип алган блогерлерди» эсептерин түшүндүргөн.
«Популизмди аз айтчы. Шайлоого чейин дагы көп бар. Азыр катарды бириктирүү керек. Чек ара маселесинде эч ким ооз ачпасын. Демократиянын мыйзамдары ушундай. Мыйзамдуу эл шайлаган бийлик баарын чечет. Топтор эмес. Блогерлер эмес. Айрыкча “атып кулатылган учкучтар” пенсиядагы саясатчылар жана кемчонтойлор чечпейт», — деп белгилеген Байсалов.
Бийликтин ЖМКга болгон басымга тиешеси бар деген — «нонсенс»
Андан соң Байсалов үч көз карандысыз басылма — «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus.media карата болуп жаткан басым тууралуу кайрадан комментарий берген. Ал басылмаларга каршы митингге бийликтин эч кандай тиешеси жок жана аны бийлик уюштурган эмес деп ишендирген.
«Бул таптакыр нонсенс! Редакциялар эмнеге жабылмак эле? Буга чейинки бийлик редакцияларды жаап, укук коргоочуларды камап, журналисттерди куугунтуктаган. Азыр андай жок. Бул демилге президенттин администрациясына тиешеси жок. Биз өзүбүздүн басма сөз менен талашып-тартышып жатабыз, ошон үчүн дагы ал басма сөз да, бизде башкасы жок. Жабат деген эмнеси? Биз эмне, Түндүк Корея белек? Биз эркин Кыргызстанда жашап жатабыз!» — деген ал.
«Ачык жооп алууну кааласаңыз — келиңиз»
Октябрда укук коргоочу Рита Карасартова Өзбекстан менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоону түз эфирде талкуулоо үчүн президент менен жолугушуу өткөрүү талап кылган.
Эдил Байсалов буга жооп кылып активистти «мамлекеттик мааниге ээ маселени чечүүнү митингчилердин аянтына айландырбоого» чакырган.
«Маалымат керек болсо, келиңиз [жыйынга]. Эгер каалаган, эң оор суроону берип, ага ошондой түз, ачык жооп алууну кааласаңыз — келиңиз. Ал эми хайп керек, жаңжал жана чагым керек болсо, келбей эле койгонуңуз оң. Биз болгону сиз түз эфир уюштургуңуз келгени үчүн мамлекеттерибиздин ортосундагы маанилүү макулдашууга кол коюуну үзгүлтүккө учуратууга жол бербейбиз», — деп жооп жазган Байсалов Фейсбук барагына.
Эртеси күнү Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы болгондор чындап эле президент Жапаров жана УКМКнын төрагасы Ташиев менен жолугушкан. Бул жолугушууда аларды коркутуулар болгонун айтышкан. Бир нече күндөн кийин эки өлкөнүн ортосундагы чек ара макулдашуусун сындаган активисттер жана саясатчылар кармала баштаган. Дээрлик 30дан ашык адам кармалып, алардын көпчүлүгү учурда ТИЗОдо отурушат.
Бийлик өлкөнү стратосферага алып баратат, ал эми бизнес-джет жалдоо — зарылдык
Декабрда Temirov Live басылмасынынын журналисттери Акылбек Жапаров Жапонияга жеке бизнес-джет менен учканын, ал мамлекеттик бюджетке 10 млн сомго айланганын айтышкан. Иликтөөчүлөр бюджет тартыштыгы рекорддук 35 млрд сомго чыгат деп болжонуп, бүтүндөй минкаб үнөмдөөгө аргасыз болуп жаткан чакта жеке учак жалдап учууга каражат коротуунун кажети бар беле деген суроого жооп издешкен.
«[Акылбек Жапаров] тиш щеткасын да колдонот, калем сап менен да жазат. Temirov Live’дын келесоолору, силер ызы-чууну ал жок жерден эле издеп жатасыңар. Премьер-министр Токиого шыпыргы минип жетиши керек беле? Биз өткөн жылы эле айтпадык беле “Жаңы минкаб бул багытта чыгымын эселеп көбөйтүүнү көздөйт” деп. Бул мамлекеттик зарылчылык!» — деп жооп жазган Байсалов.
Ал өлкө «ыгы жок үнөмдөөдөн» эмес, иш жана камкордуктан бай жашайт деп кошумчалаган.
«Стратосфера — бул биз силердин кымбаттуу редакцияңардын активдүү каршылык көрсөтүүсүнө жана маргиналдык-артта калгандардын саботажына карабай өлкөнү алып бараткан жер. Бирок биз коомчулук учакта учууну өтө эле кымбат, кол жеткис деп ойлоп жүргөнүн кезин эстеп бирге күлө турган күн келет», — деген минкбадын төрагасынан орун басары.