Швейцария климаттын өзгөрүшүн алдын алуу үчүн Кыргызстанга 9 миллион доллар бөлөт

Швейцариянын өкмөтү климаттын өзгөрүшүн жана табигый кырсыктарды алдын алуу үчүн Кыргызстанга 9 миллиондон ашык АКШ доллар грант бөлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 24-январда билдирди.

Маалыматка ылайык, климатка байланыштуу коркунучту алдын алуу иштери Ош, Баткен жана Нарын облустарында жүргүзүлөт. 250 миң үй-бүлөгө, жергиликтүү бийлик органдарына жана улуттук деңгээлдеги мекемелерге каражат бөлүнүп, кургакчылык, суу ташкыны, кар көчкү сыяктуу кырсыктарды алдын алууга жумшалат.

Келишимге кол коюу учуру. Сүрөт: ӨКМ

Макулдашууга Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору Кожиро Накай кол койду.

Жолугушууга өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов катышып, программаны ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

«Климатка байланыштуу коркунучтарды алдын алуу, анын азык-түлүк коопсуздугуна тийгизген таасирин азайтуу боюнча иштер күчөтүлөт. Калктын аялуу катмарына азык-түлүк таратылып, табигый кырсыктарга каршы даярдыкты жогорулатуу боюнча окутуулар уюштурулат», — деп белгилешти министрликтен.

Өткөн жылы ӨКМ өлкөдөгү жер көчкү жүрүү коркунучу бар 44 аймакта кырсыктын алдын алуу боюнча ири долбоор баштаганын билдирген. Аны ишке ашырууга Азия өнүктүрүү банкы 39 миллион АКШ доллар бөлгөн. Адистер кооптуу деп эсептелген 44 аймакта изилдөө иштерин жүргүзүшкөн.

Өткөн жылы Швейцария өкмөтү Нарын шаарын өнүктүрүү үчүн 6 миллион доллар бөлгөн. Анда долбоор беш жылга созулуп, аны Нарын мэриясы жана «Ага-Хан Өнүктүрүү» уюму ишке ашырары кабарланган.

Негизги бетке иллюстративдик сүрөт коюлду. 

Автору: Айзада Кубанычбекова

Тема боюнча:

«Электр энергиясы, дипломатия жана миграция»: Кыргызстандагы климаттын өзгөрүшү эмнеге таасир этет?

ӨКМ жер көчкү жүрүү коркунучу бар 44 аймакта кырсыкты алдын алуу боюнча ири долбоор баштады