Бишкекте чак түштө топ жигит кыз уурдоо уюштурушуп, аны «социалдык эксперимент» деп атады.

Жабырлануучунун ролун ойногон кызды куткарууга супермаркеттин кызматкерлери чуркап чыгышкан. Актёрлор ушунчалык ролго берилип кеткендиктен, дүкөндүн кайдыгер эмес кызматкерлерине күч колдонгон — алардын бирин түртүп, ал жерге кулап түшкөн.

Милиция бул тууралуу кабардар болгонун, анткени актёрлор кыз уурдоону уюштуруп жатканын алдын ала кабарлаганын билдирген.

Феминисттер мындай оюндар жана социалдык эксперименттер — аялдарга карата зомбулук деп аталган ири көйгөйдү жана жабырлануучуга жардамга келген адамдардын сезимдерин мазактоо деп эсептешет.

Ролик эмне тууралуу?

«Социалдык эксперименттин» видеосу Инстаграмга 13-мартта тарады. Кадрда эки жигит кызды булкуп кармап, унаага салууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот. Ошол учурда окуя болуп жаткан жердеги «Достор» супермаркетинин кызматкерлери чуркап чыгышты — эки жигит жана бир кыз. Дүкөндүн кызматкерлери кызды алардын колунан сууруп, «уурулардан» куткарып калууга аракет кылат. Аларга жооп кылып кыз уурдаган түрткүлөп, жабырлануучуга жардамга келгендердин бирин жыга түрткөн. Жыйынтыгында «кыз уурдагандар» бошонуп чыгып, качып кетишкен.

Милиция эмне дейт?

Бишкектин Биринчи май РИИБнен «Клоопко» кыз уурдоо уюштурулганы тууралуу маалымат алганбыз деп билдиришти. Алардын айтымында, А.М. аттуу киши милицияга «Биринчи май районунун аймагында социалдык эксперимент — кыз уурдоо аракети жасаларын» билдирген.

IWPR’дын (Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун) Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн программалык менежери Бегайым Замирбек.

Кыз уурдоо — театр эмес

Кыздарды уурдоо — театр же оюн көрсөтүү эмес, деп билдирди «Клоопко» IWPR’дын (Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун) Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн программалык менежери Бегайым Замирбек. Анын айтымында, актёрлордун кылганы адамдардын психикасын жабырката турган аракет.

«Ала качууну дагы деле кылмыш эмес, салт деп эсептеген коом муну олуттуу кабыл алышы керек», — деди Бегайым.

Ал блогерлер кыздарды уурдоону уюштуруп адамдарды сынаганды токтотушу керек, антпесе мындай кылмыштар олуттуу кабыл алынбай калат деп эсептейт.

«Мындай “эксперименттерди” театралдаштыруу кийинки жолу кыздарды чындап уурдап жатышканда адамдар видео үчүн тамаша деп ойлоп, көңүл бурбай өтүп кетишине алып келет», — деп жыйынтыктады ал.

Фемактивист Жанна Араева

Жүрөк ооруткан зомбулук темасын эксплуатациялоо

Фемактивист Жанна Араева дагы зомбулукту камтыган социалдык эксперименттер жарандардын чыныгы кылмыштарга кайдыгерлигин пайда кылат деп эсептейт.

«Бала жана карышкырлар тууралуу окуядагыдай — мындай “эксперименттер” — орунсуз, кем акылдардын кооптуу оюну деп атаган туура — канчалык көп болсо, ошончолук адамдардын сезимталдыгы жоголот. Кийинки жолу кимдир бирөөнү чындап уурдап жатышса айланадагылар кезектеги пранк деп ойлоп, көңүл бурбай өтүп кетиши мүмкүн», — деди «Клооптун» маектеши.

Негизи аялдарга карата зомбулукка адамдардын реакциясын текшерүүчү мындай «эксперименттер» бир караганда кызыктуу жана көңүл ачуучу болуп көрүнүшү мүмкүн, бирок чындыгында алардын артында жүрөк ооруткан аялдарга карата зомбулук темасы эксплуатацияланып жатат деп ишенет Араева.

«Бул экспериментке аргасыз аралашкан адамдардын сезимдерин манипуляциялоо жана аялдарды жана кыздарды коргоо жоопкерчилигин мамлекеттен катардагы жарандарга оодаруу», — деди активист.

Араева мындай тамашалар таптакыр орунсуз, анткени бул социалдык эксперимент эмес, «жардам берүүгө тартылган адамдардын психикасын жабыркатуучу аракет, анткени алар пайдалуу болдум деген сезимдин ордуна күчүн жана нервин бекер эле коротуптурмун деген сезимди туюнушат» деп кошумчалады.

«Эң коркунучтуусу, аялдарга карата зомбулук темасын көбүнчө кайсы бир эркектер, айрыкча акча табуу же каналын таанытуу үчүн колдонушат. Бул өтө карасанатайлык, төмөн жана жийиркеничтүү», — деп жыйынтыктады фемактивист.

Кыздарды уурдоону нормалдаштыруу

Кыргызстанда кыздарды уурдоо бир нече жолу түрдүү роликтер үчүн юмор, тамаша катары берилген. Бирок роликтердин авторлору кыздарды уурдоо тууралуу тамаша тартуу менен бул кылмышты нормалдуу көрүнүш катары көрсөтүп жатышканын түшүнүшпөйт. Поп-маданият, жарнама, тамашалар аркылуу коомдо негативдүү стереотиптер калыптанып калат.

Кыздарды мажбурлап никеге тургузуу үчүн уурдоо Кыргызстанда эң курч көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда — статистикага ылайык, Кыргызстандагы ар бир 17 кыз эркине каршы уурдалган.

Уурдоого дуушар болгон кыз-келиндер көп учурда үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чегип, өздөрүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, укуктары тепселенет.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2021-жылы аялды уурдап, мажбурлап никеге тургузуу боюнча 560 факты катталган.

Көпчүлүк учурда мындай окуялар сотко жете бербейт, ал эми мыйзам бузгандар тиешелүү жазасын албай келет. Агрессордун жазасыз калышы уурдалган кыздын өлүмү менен аяктаган учурлар бар.

Айзада Канатбекованы жерге берүү

2021-жылы маркум Айзада Канатбекованын тагдыры аянычтуу аяктаган. Айзаданы Замирбек Теңизбаев аттуу жаран уурдап качып, зордуктап, кызды өлтүрүп, кийин өзүнүн да жанын кыйган. Окуя коомчулукта резонанс жараткандыктан, Теңизбаевге кызды уурдоого жардам бергендер реалдуу жазасын алып, эркинен ажыратылышкан. Бирок кыздын өлүмүнүн алдын албаган милиция кызматкерлери тиешелүү жазасын алышкан жок.

Буга чейин ушундай эле окуя болгон, 2018-жылы 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызы милиция бөлүмүнөн каза тапкан. Шектүү кызды зордоп никеге тургузуу максатында уурдаган, бирок алар кармалып милиция бөлүмүнө жеткирилгенден кийин кызга бычак сайып өлтүргөн жана өзүн өлтүрүүгө аракет кылган.

Бурулай Турдалы кызы.

Бишкектин Свердлов райондук соту Марсбек Бөдөшовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Андан тышкары, Бөдөшов маркумдун үй-бүлөсүнө 800 миң сом компенсация төлөп берүүгө милдеттендирген. Ал эми Бурулайды уурдоого көмөк көрсөткөн Акмат Сейитов 7,5 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.

Сот ошондой эле үч милиционерди Бурулайдын өлүмүнө алып келген шалаакылыгы үчүн күнөөлүү деп таап, ар бирине 260 миңден айып салган. Сот патрулдук милициянын эки кызматкерин актаган — алар уурдалган кыз бараткан унааны токтотушкан.

Мындан тышкары, Бурулай киши колдуу болгондон кийин 23 милиционер жоопкерчиликке тартылган. Алардын 13ү — ээлеген кызматттарынан бошотулган. Алсак, Чүй ОИИБнин башчысы Нурлан Сарчаев, анын эки орун басары — Марлис Асанов менен Канат Жумаев ээлеген кызматтарынан алынган.

2023-жылдын январь айында Марлис Асанов Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалганы белгилүү болгон.

Тема боюнча окуңуз:

«Врач болгусу келген Бурулай». Уурдоого дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты?

Айзаданы уурдоо. Милиция окуянын чоо-жайын айтып берди

«Врач болгусу келген Бурулай». Уурдоого дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты

«АПА» ДЕП КЫЙКЫРДЫ!