Мадумаров прокуратуранын жоопко тартуу аракетин «саясий иш» деп атады

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров өзүн жоопко тартуу боюнча башкы прокурордун сунушун «саясий иш» деп баалады. Бул тууралуу ал 31-майдагы маалымат жыйынында билдирди.

«Өздөрү “Мадумаровго канча сунуш кылдык такыр болбой жатат” деп айтып жатышпайбы. Анан кантип эле бийликти күч менен басып алуу? Чакырса барбаган жерге мен күч колдонуп барамбы? 338-беренеде “Бийликтен аша чабуу” деп турат. Менде кайсы бийлик бар экен? Айткыла, ошону колдоноюн», — деди саясатчы.

Ошондой эле ал бир нече күн мурда «депутатка парламенттин көпчүлүгүнүн макулдугунда иш козголушу керек» деген норма конституцияга каршы деп
табылганын «атайын Мадумаров үчүн даярдалган» деп айтты.

«Күчү жеткенче эмне кылса ошону кылышсын. Бардык нерсенин чеги болот. Мен баарына даярмын», — деди эл өкүлү.

Парламенттин 31-майдагы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу боюнча баш прокурордон сунуш түшкөнүн билдирген.

Сунушта Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексиндеги 36-берене (Кылмышка даярдык көрүү), 278-беренесинин (Массалык башаламандыктар) 1-бөлүгү, 326-берене (Бийликти күч менен басып алуу) 338-беренесинин (Бийликтен аша чабуу) 3-бөлүгү боюнча жоопко тартуу үчүн уруксат суралган.

Баш прокурордун сунушу боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Ага Карим Ханджеза, Кундузбек Сулайманов, Миргүл Темирбаева, Гуля Кожокулова, Мурадил Сыдыков, Динара Ашимова, Фарходбек Исмаилов, Мирлан Самыйкожо кирди.

ТЕМА БОЮНЧА:
Башкы прокурор Адахан Мадумаровду жоопко тартууга кайрадан макулдук сурады