Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу: Экс-президенттин үзөңгүлөштөрү Конституциялык палатага арызданышты

Конституциялык палатага арыз 25-июнда жөнөтүлгөнүн КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү жана партиянын юристи Нурбек Касымбеков Kaktus.Media басылмасына билдирген.

«Мурдагы президентке карата конституциялык нормалар бузулууда. Кеп мурдагы президенттин макамы жөнүндө мыйзам артка иштөө күчүнө ээ болбошу керектигинде болууда. Тагыраагы ал келечектеги экс-президентке карата иштеши керек, ал эми Атамбаев болсо макамын 2017-жылы эле алган», — деп келтирет басылма Касымбековдун айткандарын.

Анын айтымында, Конституциялык палатага арызды депутаттар Ирина Карамушкина, Карамат Орозова жана ошондой эле КСДПнын төрайымы да болуп эсептелген Асел Кодуранова жөнөткөн. Партиянын саясий кеңешиндегилер Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депкомиссия ыйгарым укуктарынан аша чапкан деп эсептешет.

«Жогорку Кеңештин регламентинде экс-президентти айыптоо тууралуу маселени кароо боюнча процедура жок. Ал жакта президентти кызматынан бошотуу боюнча процедура жазылган», — деди Касымбеков.

Азырынча Атамбаевдин тарапкерлеринин арызын Конституциялык палата кабыл алып-албаганы белгисиз. «Клооп» анын басма сөз кызматы менен байланыша алган жок.

Атамбаевдин кол тийбестигин алуу

Башкы прокуратура 25-июнда депутаттардын мурдагы президентке каршы коюшкан айыптардын алтоосунун ичинен бешөөсүндө кылмыштын белгилери бар экенин жарыялаган.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Атамбаев вице-премьер-министр болуп турган Шамил Атахановго 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну тапшырган деп билдирген.

Ошондой эле экс-президентти хан сарайы түшкөн Кой-Таш айылындагы жерди мыйзамсыз алган деп айыпташкан. Ал эми Атамбаевге каршы коюлган айыптардын башкалары Бишкек ЖЭБин жаңыртуудагы коррупцияга жана жылуулук борборуна көмүр ташыган компаниялардын кызыкчылыгын сүрөөгө байланыштуу.

Атамбаев өзү Жээнбеков анын «оозун жабуу үчүн башка ыкма таппай турат», ошондуктан «ойдон чыгарылган айыптоолор боюнча мыйзамсыз соттоону» чечкен деп билдирген.

Мындан тышкары, Аскер прокуратурасы Атамбаевдин жана анын жакындарынын банктык эсептерин текшерүүнү демилгелеген. КСДПдан муну «көңүлдү башка үй-бүлөдөн буруп кетүү аракети» деп аташкан.

Парламент Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратууну анын ордуна президенттик кызматка келген Сооронбай Жээнбеков менен араздашуусунун шартында чечкен. Саясатчылардын тиреши бир жарым жылдан ашуун убакыттан бери уланууда.