Милиция Аксыдагы окуучу кыздардын мушташы боюнча сотко чейинки өндүрүш баштады — Видео

Фейсбукта 19-ноябрда окуучу кыздардын массалык мушташы тартылган тасма тараган. Анда окуя Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол айылындагы Жоробек Мамытбеков атындагы орто мектептин окуучулары мушташышканы айтылган.

Тасмадан элүүгө чукул окуучу кыз топтошуп турганын жана бир аз убакыттан кийин массалык мушташ чыгып кеткенин көрүүгө болот. Андан тышкары, окуяны четте турган бир нече эркек балдар видеого тартып турганын байкоого мүмкүн.

Бул тасмага байланыштуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев «Клоопко» маек куруп, мушташкан кыздар Жаңы-Жол айылындагы №13 Мамытбеков атындагы орто мектептин окуучулары экенин тастыкдады. Анын айтымында, уруш 10-11 класстагы окуучу кыздардын арасында пикир келишпестиктен улам чыккан.

«Бул окуя боюнча Аксы РИИБи Жазык кодексинин “Ээнбаштык” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш баштаган. Азырынча бардык жагдайлар такталууда. Азыркы учурда ооруканага жаракат менен кайрылгандар жок», — деди Жээнтаев.

Материал жарык көрөөр алдында аталган мектептин директорунан комментарий алуу аракетибизден майнап чыккан жок.

Ал эми Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Марина Гречанная азыркы учурда мушташ боюнча маалымат такталып жатканын кабарлады.