Сүлүктү шахтасында төрт адам газга ууланып каза болду

23-июнда Баткен облусундагы Сүлүктү көмүр шахтасында төрт адам газга ууланып каза болду.

«Шахтада газ чыга баштаган, жыйынтыгында төрт адам — үч эркек жана бир аял киши каза болгон. Окуя болгон жерге куткаруучу топ барган. Алар каза болгондордун сөөгүн шахтадан чыгарып, аймактык оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирип беришкен», — деп билдирди ӨКМ. «Турмуш» басылмасынын маалыматы боюнча, кырсыктан каза болгондор бир үй-бүлөнүн мүчөлөлү болушу мүмкүн.

Шахта таш көмүр казып алуунун үстүндө иштеген «Кенчилер-Береке» компаниясы тарабынан иштелип жаткан.

ӨКМ Баткендин шахталарында газга ууланып каза болгон учурлар тууралуу утур-утур кабарлап турат. Ведомство 2019-жылдын декабрында төрт адам, октябрь айында тогуз адамдын өлүмү тууралуу маалымдаган.