Коронавируска чалдыккандардын саны 6767ге жетти — бир суткада 506 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 3-июлдагы брифингде Кыргызстанда коронавирустун жаңы 506 учуру катталганын билдирди.

Алардын ичинен:

Бишкек шаарынан — 230;

Чүй облусунан — 151;

Жалал-Абад облусунан — 21;

Ош шаарынан — 36;

Талас облусунан — 1;

Ош облусунан — 14;

Нарын облусунан — 9;

Баткен облусунан — 19;

Ысык-Көл облусунан — 25 адамдан коронавирус аныкталды.

Коронавирусту жаңы жуктуруп алгандардын 255и аял киши, ал эми 251и эркек киши. Ошондой эле 506 учурдун бирөө сырттан келген, калганы өлкө аймагынан аныкталды.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 6767ге жетти. Илдеттен 76 киши каза болуп, 2655 бейтап айыгып үйүнө чыгарылган.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 2733. Ал эми Чүй облусунда — 1289, Ош шаарында — 711, Ош облусунда — 509, Нарын облусунда — 506, Жалал-Абадда — 408, Ысык-Көлдө — 164, Баткенде — 127 жана Талас облусунда 80 учур катталды.

Ошондой эле коронавирус чет өлкөдөн келген кыргызстандыктардан 240 учур аныкталган.

Ооруканаларда 638 адам дарыланууда. Алардын ичинен 19 киши жандандыруу бөлүмүндө. Үй карантинине 3398 адам алынган.