Видео

Кулатылган президенттер Акаев менен Бакиев Орусиядагы кыргызстандыктар үчүн ооз ачуу өткөрүштү — ЖМК

Кыргызстандын качкын президенти Аскар Акаев 19-май күнү Москва шаарында кыргызстандыктар үчүн ооз ачуу өткөрдү. Бул тууралуу Москвадагы кыргыз диаспорасына таянып Kaktus.Media басылмасы жазып чыкты.

Милиционер машинаны алдыда отурган кичинекей балага коопсуздук курун такпай айдап жүргөн — ал 3...

Коомдук тармактарда милиционер машинанын алдыңкы орунуна коопсуздук куру тагылбаган кичинеке баланы отургузуп алып жүргөнү тартылган видео жарыяланган. Машинан рулунда отурган киши өзү коопсуздук курун аны тартып жатышканын көргөн соң гана тагынган. Видео 15-майда Токмок шаарында тартылган.

Элчибиз туура кылган — Түркиянын ТИМи муфтият уюштурган ооз ачууда чыккан чыр тууралуу

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги алардын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат «Сапат» лицейлер тармагынын директору Орхан Инанды катышкан ооз ачуудан көрсөтмөлүү кетип туура реакция кылганын маалымдады.

«Сиз менен күрөшүүгө күч-кубатым жетишээрлик»: Райымбек Матраимов экс-президент Алмазбек Атамбаевге кайрылды

Бажы кызматынын мурдагы башчысы Райымбек Матраимовдун экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата кайрылуусу жазылган видео коомдук тармактарда 13-май күнү кечинде пайда болгон.

ӨКМ Жалал-Абаддагы мунай базада чыккан өрттү өчүргөн куткаруучуларды сыйлайт

Өзгөчө кырдаалдар министри (ӨКМ) Нурболот Мирзахметов 10-майда Жалал-Абаддагы мунай базасындагы чыккан өрттү өчүрүүгө катышкан кызматкерлерге сыйлык берүүнү тапшырды.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси муфтияттын ооз ачыруусунан кетип калды — ага «Сапат» лицейлеринин директору чакырылганы...

Коомдук тармактарда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат Бишкектеги «Дасмия» ресторанынан жинденип чыгып кетип баратканы тартылган видео жарыяланган. Окуя 8-майда болгон.

Ош базары: Соодагерлерди жаңы имаратка көчүрүү үчүн базардын бир бөлүгүндө электр жарыгы өчүрүлдү —...

«Берекет» компаниясынын администрациясы 7-май күнү эртең менен Ош базарынын бир бөлүгү болуп эсептелген «Берекет универсал» базарынын электр жарыгын өчүрдү. Базардын жетекчилиги соодагерлер анын жабылышына жолтоо болуп атышканын билдирди.

Уран казууга тыюу салуу тууралуу мыйзамга каршы болгондор нааразычылыктарын билдирип парламенттин отурумунан чыгып кетишти...

Уран казууга тыюу салуу боюнча коомдук угуулар 7-майда коомчулуктун жана тоо кен компанияларынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен парламентте болуп өттү. Жалпысынан Жогорку Кеңешке өз оюн билдирүү үчүн 100гө чукул адам келген.

Бишкек: ӨКМдин куткаруучулары кызды төртүнчү кабаттан түшүрүштү — видео

ӨКМдин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, окуя 7-майда Ибраимов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдө болгон.

Сот УКМКнын экс-башчысы Суталиновду бошотту. Ал айыккыс рак илдети менен ооруйт

Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы башчысы Мурат Суталиновду бошотуу тууралуу чечимди 7-майда чыгарды. Сотко бул өтүнүч менен Суталиновдун адвокаты да, Жаза аткаруу мамкызматынын өкүлдөрү да кайрылышкан.

Редакциянын тандоосу