Видео

Кландар, династиялар жана чочошкасы бар балдар. 2000-жылдардагы кыргыз рэп жылдыздары азыр кайда?

0
«Акапелла», «312», МС Мара жана AP Clan — 2000-жылдын ортолорунда алар көнүмүш кыргыз поп музыкасынан айрымаланып, кыргызча рэптин биринчи аткаруучулары жана жылдыздары болушкан. Метин Жумагулов алар кантип рэпке келип, 10 жылдан ашуун убакыт өткөн соң эмне кылып атышканын билип келди.

Кантип казак журналисти «Борбор Азиядагы демократия аралчасы» болгон Кыргызстандан башпаанек албай калды?

0
Казак журналисти Мурат Тунгишбаев өз өлкөсүнүн бийлиги тарабынан болуп аткан куугунтуктан улам Кыргызстандан башпаанек сураган. 25-июнда кыргыз соту аны экстрадициялоону чечип, ал эми эки күндөн кийин ал Алматынын тергөө абагына жеткирилген. Оппозиционердин аман калуу үмүтү кантип саткынчылык менен аяктаганын «Клооптун» чоң окуясынан окуңуз.

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты?

0
Бурулайды тааныгандарды бардыгы ал абдан акылдуу жана тынчтыкты сүйгөн кыз деп айтып беришти. Ал үйдүн кенжеси болгондуктан ата-энесинин жана Кожоналиевдердин үй-бүлөсүндөгү беш баланын сүйүүсү менен мээримине бөлөнгөн назик кыз болгон.

Видео: Ала-Букада тургундар Иштамберди кенин жабууну талап кылышты

Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда 150гө жакын тургун Иштамберди тилкесинде жайгашкан алтын кенин казуучу ишканын жабылуусун талап кылышып митинг өткөрүштү. Чогулгандар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшкөндөн...

«Балдарымдын ден соолугу үчүн корком». Майлуу-Сууда тургундар эски түтүктөн кир суу ичишет

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында союз убагынан бери калган 30дан ашуун уран калдыктары көмүлгөн жай бар. Бирок бул жергиликтөөрдүн жалгыз эле көйгөйү эмес: алар өздөрү «уран кошулган» кир сууну ичүүгө аргасыз болуп жатабыз деп ойлошот.

«Саяпкерлик кылуу аял кишиге деле жарашат»

Зейнеп Базарбаева 20 жылдан бери жылкы багып келет. Бул убакыт аралыгында коңшу өлкөлөргө чейин анын атагы чыгып, асыл тукум жылкыларын сатып алып кеткен чет элдик улакчылар да бар.

«Башканын кызы деген жок». Ала качуу жөнүндө кыска тасма

БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы бөлүмү режиссёр Азим Азимовдун кыздарды ала качуу жөнүндө чакан тасмасын жарыялады. «Клооптун» редакциясы аны кунт коюп көрүп чыгып, бул тасманы сиз да көрүшүңүз керек деп сунуштайт.

Жол тандабас жасаган Азамат

Кадамжай районунун 25 жаштагы тургуну Азамат Жетимиш уулу тоо-таштарда жүрүүчү «Багги» автоунаасын жасап бүттү. Жол тандабасты кураштырууга анын үч ай убакыты кеткен. Баткен облусундагы Охна...

Баткен: тажик чек арачылары менен тургундардын ортосунда чыр чыкты

Баткендин Лейлек районундагы Максат айылынын тургундары менен тажикстандык аскерлердин ортосунда такталбаган аймакта тиреш чыгып, чыр чатак кыргыз чек арачылары тарабынан жайгарылды. Окуяда адам өмүрүнө...

Видео: Патрулчуну жөөлөп айдаган экс-депутаттын кызына иш козголду

0
Мурдагы депутат Ташполот Балтабаевдин кызы Бишкектин Жол кыйымылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерин өз машинасы менен тебелеп кете жаздаган — бул окуяны коомдук тармактардын колдоонучуларынын бири видеого тартып калган.

Редакциянын тандоосу