Сөз эркиндиги үчүн жүрүштүн катышуучулары милициядан чыкты жана күрөштү улантууга убада берип жатышат

Сөз эркиндиги үчүн жүрүштүн беш катышуучусу камактан чыкты. Алар Бишкек шаарындагы жөө жүрүш учурунда 18-мартта кармалып, беш суткага камакка алынган. Алар сөз эркиндиги үчүн күрөштү улантаарын билдиришти.

Эркиндикке чыккан активист Расул Умбеталиев жүрүштүн катышуучуларынын кармалышы мыйзамсыз болгонун билдирди.

«Биз беш сутка бою кадимкидей эле түрмөдө отурдук, адам чыдагыс шартта жашадык, камерасы сасык, дааратканасы сасык, жабылган эмес, жуурканы сасык. Бирок өзүңөр көрүп тургандай биз сынып калган жокпуз жана саясий күрөштү улантууга даярбыз», — деди ал.

Активисттердин айтымында, алар чечимге каршы Бишкек шаардык сотуна даттанмакчы.

Пятерых участников марша за свободу слова должны вскоре выпустить. Их задержали 18 марта. По версии милиции, они пытались перекрыть проезжую часть. Суд проходил в закрытом режиме, на заседание не пустили даже адвоката. Задержанных арестовали на пять суток https://kloop.kg/blog/2017/03/22/mezhdunarodnaya-amnistiya-trebuet-osvobodit-arestovannyh-uchastnikov-marsha-za-svobodu-slova/

Posted by Kloop on Wednesday, March 22, 2017

Кармоо жана камак

Милиция сөз эркиндиги үчүн жүрүштүн жети катышуучусун Бөкөнбаев жана Абдрахманов (Совет) көчөлөрүнүн кесилишинде кармаган.

Милициянын версиясы боюнча, жүрүштүн катышуучулары укук сакчыларынын талабына баш ийбей, жолду жабууга аракет кылышкан.

Депутат Каныбек Иманалиев менен Би-Би-Синин журналисти Абдыбек Казиев дээрлик дароо эле коё берилген.

Активисттер Мавлян Аскарбеков, Айбек Мырза, Азамат Аттокуров, Расул Умбеталиев жана Мухитдин Алымсеитов беш суткага камакка алынган.

Кармалгандардын адвокаттары апелляциялык арыз берүүгө аракет кылышкан, бирок ал дем алыш күндөрдөн улам каралбай калган.

Сөз эркиндиги үчүн жүрүш

Иш-чаранын уюштуруучулары президент Алмазбек Атамбаевдин эркин ЖМКларга айткан сын пикири күчөп кеткендиктен сөз эркиндиги үчүн жүрүш өткөрүшкөн.

Жүрүштүн катышуучулары Башкы прокуратура президенттин ар-намысын жана президентти колдогон КСДП партиясынын «ишкердик аброюн» коргош үчүн «Азаттыкка», «Занозага» жана 24.kgге каршы берген миллиондогон доо арыздарга байланыштуу бул үч маалымат каражаты менен тилектештигин билдиришкен.

Жүзко жакын киши Бишкек боюнча жөө басып, ЖМКга кысым көрсөтүүнү токтотууну талап кылышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: