Кыргызстандын президенти Бишкекке кайтып келди

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жүрөгүнүн аритмиясын дарылаткандан кийин Бишкекке кайтып келди. Түркиянын аба майданынан чукул госпитализациялангандан кийин анын ден соолугуна орусиялык жана түркиялык дарыгерлер кам көрүшкөн.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга 1-октябрда кайтып келди. Ал ден соолугунун солгундашына байланыштуу 11 күн мамлекетте жок болду.

Президент 19-сентябрда түрк аба майданынан эле ооруканага жаткырылып, алгачкы үч күн түрк дарыгерлеринин көзөмөлүндө болуп, кийин Москвадагы Борбордук клиникалык бейтапканага жеткирилген.

Орусиялык дарыгерлер президентке жүрөк аритмиясы диагнозун коюушуп, кызыл өңгөчүнө эндоскопиялык аргоноплазмендик абляциясын жасашкан.

Президенттин ооруганын саясатчылар ар кандай кабыл алышты. Кээ бирлери лидердин кокус жерден госпитализацияланышын «көмүскөгө кирүү» деп айтышса, башкалары анын ден соолугуна тынчсызданып жатышты. Мындай «көз көрүнө алсыз болуу» менен мамлекет башчы упай топтоп жатат деген версиялар дагы орун алды.

Президенттин ден соолугунун начарлашы Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө макулдугун берүүсүнө тоскоол болгон жок. Өлкө башчысы түрк мейманканалырынын биринде дарыланып жаткан маалда, анын басма сөз кызматы билдирүү тараткан. Ага ылайык, Атамбаев сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү «стратегиялык жактан оң чечим» деп атаган.

«Кыргызстандыктар менен депутаттар, Алмазбек Атамбаев бийликти узурпациялоого умтулуп, жалгыз президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин деле бийлик башында калгысы келет, деген болбогон сөзгө ишенип провокаторлордун артынан ээрчип кетишине ишенбейм», — деген Алмазбек Атамбаев. Ал анын «меркантилдүү максаттарынын» жок экенин эскерткен.

Атамбаев жок болуп турган мезгилде Баш мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр үч окуунун ичинен биринчисинде кабыл алынган. Бул айрым депутаттар менен укук коргоочулардын терс реакциясына себеп болду.

Алар Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр баш мыйзамга оңдоолорду киргизүүгө жарыяланган Мараторийди бузуп жаткандыгын эскертишүүдө. Мараторий Конституция менен бирге 2010-жылдагы референдумда кабыл алынган.

Жүрөк оорусуна байланыштуу Кыргызстандын президенти Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Башкы ассамблеясына катыша алган жок.

Стамбул аба майданынан госпитализацияланган президенттин ордуна ТИМдин башчысы Эрлан Абдылдаев ассамблеяга жөнөп кеткен.

Сүрөт: Султан Досалиев