Марттын башында Кыргызстандын жаратылышы тууралуу видео тасма «National Geographic» журналы жарыялаган сынактын «видео» номинациясында байге утуп алган. «Youtubeда» Борбор Азиянын жаратылышы тууралуу дагы кандай кооз тасмалар бар? Биз сезимибизди козгогон бир нечесин тандап алдык. Алар — дагы бир жолу жаратылышка суктанып тим болуунун эле себепчиси эмес. Алар биз айлана-чөйрөбүздө эч кандай мүшкүл жок дей берсек эмнелерден кол жууп калышыбыз мүмкүн экенин ойлонууга аргасыз кылат. Бул кооз видео чыгармалар бир нече жылдан кийин биз жоготуп алган нерселер тууралуу эстелик гана болуп калышы мүмкүн.

Материалдын түп нускасы ЛИВЕНЬ. Living Asia. сайтында жарык көргөн. Макаланын автору — Kloop.kgнин мурдагы редактору Дмитрий Мотинов.

Токойлор

Казакстандын эң кооз токойлорунун бири Алматы облусундагы Кайыңды көлүнүн так эле ортосунда жайгашкан. Видеографтар бул жерди бөтөнчө көрүнүшү үчүн жактырышат — килейген карагайлар түз эле сууда өсүшөт.

Кыргызстанда өзүнүн айтылуу токою Арстанбап бар, ал Жалал-Абад облусунда. Бул жерде негизинен 30 метрге чейин жеткен жаңгак бактары бар.

Көлдөр жана дарыялар

Кыргызстандан барып «National Geographic» каналынын конкурсунда байге утуп алган ролик дал ушу көлдөргө арналганы таң калычтуу эмес. Дарыялар менен кошкондо алар — Борбор Азиянын эң кызыктуу жана сыймыктуу жерлеринин бири.

«National Geographic» конкурсунда утуп алган LOST IN KYRGYZSTAN тасмасынын авторлору Сара Иззи менен Тимур Тугалев өздөрүнүн кыска метраждуу фильминде Орто-Токой суу сактагычынын жана Нарын облусундагы Соң-Көлдүн кооздугун көрсөтүшкөн.

Видео тасмада Ысык-Көл — Кыргызстандын символу болуп калган, Борбор Азиядагы эң белгилүү көл да бар. Бул видео бир жума бою тартылган.

Суу — эбегейсиз маанилүү ресурс, анын айынан чек ара аймактарында көп учурда чыр-чатактар, кээде курал колдонуу менен болуп турат — адамдар сууну ошентип бөлүштүрүшөт. Бул тема Борбор Азия өлкөлөрү үчүн кыйла курч коюлуп келет.

Тажикстандын негизги дарыялары Пянж менен Вахш кошулганда Амударьяны пайда кылат. Ал тажик аймагында башталса да, өлкөнүн өз аймагында болгону 85 чакырым гана созулат.

Борбор Азиянын көлдөрү — эргүүнүн да себепчиси. 2013-жылы Казакстанда жашаган италиялык ырчы Сон Паскаль Чоң Алматы көлүнүн жээгинде клип тарткан. Ал Алматыдан болгону 15 чакырым аралыкта.

Бул жактан болсо силер долбоорго кирген видеолордун бирин көрө аласыңар. Ал Арал деңизинин жан кейиткен каргашасы тууралуу кеп кылат.

Тоолор

Борбор Азияда тоо менен кар көп — ошондуктан тоо туризми бул жерде өтө кеңири тарап, чоң көрөңгөсү бар экени таң калыштуу эмес.

Тажикстанда туристтерди Памирдин мөңгүлөрү жана эңкейиштери өзүнө тартып турат. Бул жерде бийиктиги 7000 метрден ашкан чокулар жайгашкан.

Жаныбарлар

Башка аймактар сыяктуу эле Борбор Азиянын жаратылышын да анда жашаган жаныбарлары жок элестетиш мүмкүн эмес. Алардын далайлары жок болуп кеткени турушат. Мисалы, Казакстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын аймагында жашап, бул үч республиканын Кызыл китебине XX кылымда эле кирген ак илбирстер дүйнөдө азыр жети миңден ашпайт.

Интернеттен илбирстердин табигый чөйрөдө жашап жатканы тууралуу кооз тасмаларды табышыңар күмөн — бул жаныбарлар өтө сак болгондуктан адамдардан оолак жүрүшөт. Бирок тоодо коюлган атайын фотокылтактар аркылуу окумуштуулар тартып алган көп кызыктуу видеолор бар.

Казакстандын өз мүшкүлү — 2015-жылы жалпы саны 90 пайызга кескин азайып кеткен сайгактар. 200 миңден ашуун сайгак ошондо жөн эле эч кандай себеби жок кырылып калган.


ТЕМА БОЮНЧА: