Айсулуу Тыныбекова Польшадагы турнирде күмүш медал утту

Айсулуу Тыныбекова «Poland Open 2017» күрөш боюнча эл аралык турнирдин күмүш медалын жеңип алды. Финалда кыз-келиндер арасындагы 58 кг салмактагы таймашта Тыныбекова Риодогу Олимп оюндарынын чемпиону Хелин Марулистен жеңилип калды.

Мелдеште 58 кг салмакта 14 спортчу күрөшүштү. Финалга чейин Тыныбекова Литва жана Беларус өлкөлөрүнөн келген каршылаштарын жеңип алдыга чыккан.

Жарым финалда кыргызстандык спортчу өтө көп эмгек жумшабай эле германиялык каршылашын жеңип финалга чыга алган, ал эми финалда 54 кг салмактагылар арасында боло турчу күрөштө Тыныбекованы Рионун чемпиону, америкалык Хелен Марулис күтүп турган.

Азиянын эки жолку чемпиону Марулиске болгону кармашуунун жүрүшүндө 0:7 эсебинде артта калды. Тыныбекова күрөштүн жүрүшүндө каршылашын көтөрүп чабуу ыкмасын колдонуу аракетин жасаганда, жерге туура эмес түшүп ийнинен жаракат алган. Кармашты улантууга мүмкүн болбогондуктан Тыныбекова турнирдин алтын медалын каршылашына берүүгө аргасыз болгон.

Ушул эле турнирде 75 кг салмактагы кыз келиндер арасындагы мелдеште Айпери Медет кызы 5-орунду алган. Коло медал үчүн кармашууда кыргызстандык Айпери кытайлык спортчу кызга алдырып койгон.

Ал эми 59 кг салмактагы эркектер арасындагы күрөштө, улуттук кураманын куржунуна грек-рим күрөшү боюнча беттешүүдө коло медалды Каныбек Жолчубеков алып келген. Турнирдин жүрүшүндө ал Польша жана Беларус өлкөлөрүнөн келген атаандаштарын жеңип, болгону орусиялык спортчудан жеңилип калган.

Эл аралык «Poland Open 2017» турнири 7-июлдан 9-июлга чейин Варшавада өттү.

Кыргызстандын күрөш боюнча кыз-келиндерден турган курамасы 14-16-июлга чейин Испанияда гран-при медалдары үчүн ат салышышат.

Сүрөт: AFP/Jack Guez.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: