Шаардыктар «Дыйкан» базарындагы таштандыга нааразы болушууда

Май айында жабылган «Дыйкан» соода түйүнүнүн сатуучулары Бишкектин түндүк-батыш жагында орун алган «Сары-Өзөн» базарына көчүшүп, турак жайлардын жанында соодаларын жүргүзүшүүдө.

Жашоочулар көчөлөрдөн тынбай өтүп жаткан жүк ташуучу унаалардын көптүгүнө арызданышууда.

«Үйдөн чыгууга мүмкүн эмес, бир жолу дарбазаны ачсам жүк ташыган кичинекей "Портер" токтоп туруптур. Дарбазаны аягына чейин ача албай койдум, ээси жок», — дейт жергиликтүү тургундардын бири Даниил Масягин «Настоящее время» басылмасына берген маегинде.

Жүк таашыган унаалар тынбай жүргөндүгүнө байланыштуу ата-энелер балдарын коштоочусу жок эшикке чыгаруудан коркушат.

Шаардыктар жаңы базардан үйлөрүн дубал жана чынжырлар менен тосуу аракеттерин көрүүдө.

«Биз машинарды киргизбөө үчүн чынжыр менен тосуп алдык. Машиналар да биз кире албай калышыбыз үчүн бизди дагы тосуп алып жатышат. Эмне үчүн биз үйүбүзгө кире албайбыз?» — деп наарызы болду жергиликтүү тургун Турдубүбү Мамырова.

Мурдагы «Дыйкан» базарынын соодагерлери жаңы базарда бизге орун жетпей калды деп актанышууда. Ошон үчүн алар жер-жемиштер жүктөлгөн унааларды турак-жайлардын жанына коюуга аргасыз болушкан.

Ошондой эле дыйыкандар жаңы жерде шарттын, кардарлардын жоктугуна жана соода жүрбөй жатканына нааразы болушту.

«Бизге кыйын болууда же кире же бурула албайсың. Бул жер толугу менен башаламан, биз эми эмне кылуубуз керек?» — дейт соодагерлердин бири.

«Сары-Өзөн» базарынын жетекчисинин орун басары Эркинбек Калыгуловдун айтымында, жаңы жерди бардык талаптарга ылайык тандап алышкан жана тургундар жаңы базарга каршы болушкан эмес.

«Биз жергиликтүү тургундар менен жолдорду жууп, тазалап турабыз деп келишим түзгөнбүз жана алар каршы болушкан эмес», — деди Калыгулов.

«Дыйкан» эмне себептен көчүрүлдү?

«Дыйкан» базары Бишкек мэриясынын чечими менен 2017-жылдын 24-майында жабылган. Базардын жабылышына мунай базанын жакын жайгашканы себеп болгон.

Мурда «Дыйкан» базары «Бишкек-1» темир жолуна жакын Фучик көчөсүндө иштеп келген.

«Дыйкан» базарынын соодагерлери бир нече ирет митингдерге чыгышып, биринчисинде алар базарга бара турчу жолдун жабылышына, андан соң соода түйүндүн жабылышына каршы чыгышкан.

Муниципиалдык кызмат дыйкандарга Бишкектин түндүк-батышындагы Фучик көчөсүнөн алыс эмес жердеги «Сары-Өзөн» жеке базарына көчүүнү сунуш кылган.

«Дыйкан» профсоюзунун жетекчиси Роза Ибраимова, соодагерлер жаңы базарда көпкө тура албастыктарын айткан.

Видео: Настоящее время

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: