Ошто «мыйзамсыз» курулуп жаткан май куюучу жай аныкталды

Мыйзамсыз курулуп жаткан май куюучу жай. Сүрөт: turmush.kg

Ош шаарында уруксат кагаздары жок курулуп жаткан май куюучу бекет аныкталды. Башкы прокуратура аталган фактты каттап, ишти каржы полициясына өткөрүп берди.

Башкы прокуратура Ош шаарынын Амир-Темур аймактык кеңешининин аймагына салынып жаткан май куюучу жай «мыйзамсыз» курулуп жатканын «Клоопко» маалымдады.

«Иликтөөнүн жүрүшүндө май куюучу жай 180 чарчы метр жерге күйүүчү май сактоочу кампасы менен бирге салынып жатканы аныкталган. Анын курулушуна шаардык архитектура менен жолдор башкармалыгынан уруксат алынган эмес», — деп айтылат прокуратуранын «Турмуш» басылмасына берген маалыматында.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Тоо-кен, курулуш, жарылуу кооптуулугу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу» жана «Шалаакылык» беренелери менен катталган.

Көзөмөл орган ишти сотко чейинки өндүрүшкө алуу үчүн каржы полициясына өткөрүп берген.

Шаарда март айында Насирдин Исанов көчөсүндөгү май куюучу жайдан өрт чыгып, бир адам жабыркаган. Тилсиз жоо эки саатта өчүрүлгөн. Бул окуядан кийин жергиликтүү бийлик мыйзамсыз курулган май куюучу жайларды текшере баштаган.

Экотехинспекциянын маалыматы боюнча, шаардагы иштеп жаткан 44 май куюучу бекеттин 36сы өрт коопсуздугу боюнча талаптарга жооп бербейт.