ЖАМК: Баткен прокурорунун өлүмүнө айыпталуучунун абалы «оор эмес». Ал сегиз күн мурда ачарчылык жарыялаган

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө айыпталып жаткан Мелис Калыковдун ачарчылык кармап жатканына сегиз күн болду. Анын эжеси Дарыйка Калыкова «Клоопко» инисинин ден соолугу «начарлап» кеткендиктен 13-августка белгиленген сот отуруму болбой калганын айтты.

«Аны эки милиция сүйрөп келди, анан кайра ТИЗОго көтөрүп алып кетишти. Ден соолугунун начарлаганы бетинен көрүнүп турду. Купкуу, баса албайт, көзүн да ача албайт. Ушундай абалда эмнеге ооруканага алып барбай, бул жака алып келишти түшүнбөдүм», — деп айтты ал.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова Калыковдун ачкачылык кармап жатканын ырастап, ал суу ичип жаткандыктан абалы «оор эместигин» «Азаттыкка» билдирген.

Ал эми сот отуруму 21-августка жылдырылганын Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов айыпталуучунун жактоочусу келбей калганы менен байланыштырды.

Калыков ишин карап жаткан Ош шаардык соттун судьясы Жолборс Кудаяровго ишенбестик көрсөтүп, аны алмаштыруу талабы менен 5-августта ачарчылык жарыялаган.

Буга байланыштуу шектүүнүн 30га чукул жакыны шаардык соттун алдына митингге чыккан. Алар Кудаяровго кылмыш иши козголгонун айтышып, башка судья дайындоону өтүнүшкөн.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан Кудаяровго каршы кылмыш иштери козголгонун «Клоопко» тастыкташты. Шаардык судья үйдүн документтерин мыйзамсыз деп тапканына, ижарага берилген жер тилкесин менчик деп чечим чыгарганына, соттолуучунун камактагы мөөнөтүн мыйзамсыз кыскартып, камактан чыгып кеткенине жол берүүгө айыпталууда. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Прокурордун өлүмү

Баткен облусунун 43 жаштагы прокурору Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 18-ноябрда Төрт-Көл суу сактагычынын жанында табылган. Аны өлтүрүүгө шектелип облустук Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков камакка алынган.

Шектүү ага тагылган күнөөнү мойнуна албай келет. Анын жакындары болсо буга чейин да нааразычылыкка чыгып, Мамажакыповдун өлүмүнө прокурорлордун тиешеси бар болгонун, тергөөчүлөр кылмышты Калыковго оодарууга аракеттенип жатканын айтып келишет. Маркумдун жакындары да тергөөгө нааразычылык билдиришип, окуя болгон күнү Мамажакыпов менен чогуу жүргөн башка прокурорлорду да текшерүүнү талап кылышкан.