Курсан Асанов үч кылмыш ишинин фигуранты

Бул тууралуу «Азаттыкка» Асановдун адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирген. Анын айтымында, иштин үчөө тең «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде козголгон. Бул иштерди Аскер прокуратурасы иликтеп жатат.

«Мыйзам боюнча ушул берененин негизинде иш козголгону менен кайсы факты экени көрсөтүлүшү керек. Бирок конкреттүү факты көрсөтүлгөн эмес. Ар кандай суроолорду берип жатышат, ошондуктан кайсы факты экенин билбейбиз», — деди Токтакунова.

Адвокат Асанов эки иш боюнча күбө катары өтүп жатканын кошумчалады.

Курсан Асанов «кыргыз милициясынын кызыкчылыгын саткан» деген негизде ИИМдин башчысынын сунушу боюнча ээлеген кызматынан 13-августта бошотулган.

Министрликтен Асанов 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү учурунда «өзүн-өзү пиарлаган» деп билдиришкен. Ал учурда Кой-Ташта Атамбаевдин тарапкерлери менен күч кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болгон.

Асановдун ордуна ИИМдин башчысынын орун басарлыгына Памирбек Асанов келген. Кийинчерээк ал Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн кудасы экени ачыкка чыккан.

Асанов ИИМ тарабынан өз дарегине коюлуп жаткан айыптарга макул эместигин айтып чыккан. Анын айтымында, ал өзүнүн кызыкчылыктарын мамлекеттикинен өйдө койгон эмес жана өз милдетин аткарган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 27-августта Курсан Асановду үй камагына чыгарып, мындан эки күн мурда Аскер прокуратурасы анын уулуна издөө жарыялаган.