«Кечирип коюңуздар!» — Теле алып баруучу Малахов кыргызстандыктардан кечирим сурады

Андрей Малахов теле берүүлөрүнүн биринде Кыргызстандын атуулу Исламбек Акбаровду орус миллиардеринин уулун буйрутма менен өлтүргөн деп айыптап, «100 миң доллар [Акбаровдун] бүткүл үй-бүлөсүн бактылуу кылат, алар өмүрү өткүчө мындай акча таба алышпайт» деп билдирген болчу.

Андрей Малахов 1-октябрда өз берүүсүнүн эфиринде «редакциясынын жана жеке өзүнүн атынан» кыргызстандыктардан кечирим сурады.

«[...] чын жүрөктөн кечирим сурагым келет. Биздин берүүнү бүткүл дүйнөдөн көрүшөт жана биз көрүүчүлөрүбүздү, алардын улутуна карабастан, бардыгын бирдей сүйүп, бирдей сыйлайбыз. Кечирип коюңуздар!» — деп билдирген Малахов.

Ал мурдагы берүүсүндөгү Кыргызстандын атуулу Исламбек Акбаровдун катышуусундагы буйрутма менен адам өлтүрүү тууралуу божомолу «Кыргызстандагы айрым көрүүчүлөргө катуу тийгенин» кошумчалады.

«Алар муну 24 жаштагы Акбаровду буйрутма менен адам өлтүрүүгө айыптоо деп эсептеп коё жаздашкан. Акбаров өлүмгө алып келген жол кырсыгынын катышуучусу болгон», — деди теле алып баруучу.

Малаховдун сөздөрү кыргызстандыктардын арасында терс манайдагы реакция жараткан, ал эми берүү чыккан убакыттан үч күн өткөн соң Кыргызстандын ТИМи Орусиянын элчилигинин кеңешчи өкүлүн маектешүүгө чакырткан.