«Достуктун» башчысы кызматынан убактылуу четтетилди — буга чейин чек ара офицери коррупция тууралуу билдирген

Сүрөт. АКИпресс

Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Достук» көзөмөл өткөрмө жайынын (КӨЖ) жетекчиси майор Талант Айтпаев 30-ноябрда кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Асылкерим Ажиев «Клоопко» тастыктады.

Бирок басма сөз катчы Айтпаевди бошотууга эмне себеп болгонуна так түшүндүрмө бир-эки күндүн ичине даяр болооруна таянып, кеңири маалымат берүүдөн баш тартып, буга подполковник Талгат Алановдун билдирүүсүнүн тиешеси жоктугун гана айтты.

«Ал четтеттүүнүн себеби подполковник Талгат Алановдун маалымат жыйындагы сөздөрүнө тиешеси жок», — деди Ажиев.

Ал эми «Турмуш» басылмасы Мамлекеттик чек ара кызматы Айтбаев үстүбүздөгү жылдын ноябрында «Достук» көзөмөл өткөрмө жайында белгисиз жарандардын чек арадан мыйзамсыз өтүү аракетине жол берген деген негизде бошотулганын тастыктады деп жазган.

Мурдараак Ош облусу боюнча чек ара башкармалыгынын чек ара көзөмөлдөө, уюштуруу бөлүмүнүн улук офицери, подполковник Талгат Аланов 27-ноябрда өзү иштеп жаткан чек ара кызматындагы коорупциялык көрүнүштөр тууралуу айтып чыккан.

Ошондой эле ал «Достук» көзөмөл өткөрмө бекетинде үстүбүздөгү жылдын 21-августунда кытай жарандарынан турган делегация 620 доллар пара берип, Өзбекстанга кезексиз өтүп кетишкенин билдирген.

Ал эми Талант Айтбаев өзү жумушунан убактылуу четтетилгенин угуп, бирок тиешелүү буйрукту көрө электигин жана чек арачылардын кытайлык жарандарды чек арадан өткөрүү үчүн 620 доллар пара алышкан делген окуяга тиешеси жоктугун билдирген.

Талгат Алановдун билдирүүсүнөн кийин, тагыраагы 27-ноябрда мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева офицердин коррупция боюнча айткандары аскер прокуратурасына укуктук баа берүүгө жөнөтүлөөрүн кабарлаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Чек арадагы коррупцияга даттанган офицердин айткандарына укуктук баа берилет — Чек ара кызматы

Чек ара офицери өзү иштеген ведомстводогу коррупция тууралуу айтып чыкты