Курсан Асановдун үй камак мөөнөтү узартылды

Биринчи май райондук сот ИИМ башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асановдун үй камагындагы мөөнөтүн узартуу чечимин кабыл алды. Асановдун адвокаты Таалайгүл Токтакунова «Азаттыкка» билдиргендей, үй камак мөөнөтү 23-февралга чейин узартылган.

Курсан Асанов ИИМден «кыргыз милициясынын кызыкчылыгын саткандыгы» жана кызмат абалынан кыянат пайдаланганы үчүн 13-августта бошотушкан. Ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн штурмга алуудагы Кой-Ташта болгон окуя себеп болгон.

Аскер прокуратурасынын версиясы боюнча, Асанов штурм учурунда Атамбаевдин үйүнөн чыгарылган буюм далилдерди мурдагы президенттин тарапкерлери менен өз баласына өткөрүп берген.

Асановдун уулу сыртынан чыгарылган камакка алуу түрүндөн чыгарылган баш коргоо чарасы менен издөөгө жарыяланган. Аскер прокуратурасынын маалыматына ылайык, учурда ал Өзбекстанда. Ал эми Курсан Асанов өзүнө каршы тагылып жаткан айыпка «кызматтык милдетимди аткаргам жана жеке кызыкчылыктарымды мамлекеттикинен жогору койгон эмесмин» деп жооп берген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Абылгазиев Курсан Асановду «милициянын кызыкчылыгын саткандыгы» үчүн кызматынан бошотту

«Өлкөмдүн жана абийиримдин алдында акмын». Курсан Асанов саткынчылыкка айыпталып кызматтан алынганына макул эмес

Курсан Асанов, пара жана баштык. Эмне болуп жатат?