Активист Улан Үсөйүн Ош шаарында коркутуулар болгонун айтып чыкты

Азизбек Ашуров, Мирбек Камалов жана Улан Үсөйүн/ Сүрөт: Улан Үсөйин

Коомдук активист Улан Үсөйүн, ишкер Данияр Аманалиев жана юрист Азизбек Ашуров Ош шаарында 13-февралда «Кетүү/калуу керек» («Валить нельзя остаться») аттуу семинар өткөрүшкөн.

Улан Үсөйүндүн айтымында, иш-чара башталаар алдында аялдардын коштоосунда келген балдардын тобу аны сыртка чакырып «Оштон чыгып кеткиле» деп коркутушкан. Ошондой эле алар чагымчылдык кылууга аракеттенишкенин айтып, милицияга арыз жазаарын билдирди.

«Иш-чара бүткөндөн кийин белгисиз балдар катышкан элден иш-чаранын жүрүшү тууралуу, эмнелер айтылгандыгы жөнүндө сурак алып, эмнеге келдиңер деп коркутуптур. Үйлөрүнө кетип жатканда ар кимдин артынан машина түшүптүр», — деди Үсөйүн.

Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы активисттен арыз түшө электигин кабарлады. Бирок милиция окуяга байланыштуу ЖМКларга маалымат берген адамдардын айткандарын текшерип баштады.

Улан Үсөйүн Бишкекте өткөн коррупцияга каршы «Re:акция» тынчтык митингинин уюштуруучуларынын бири. Ошол күнү ал акциянын модератору да болгон.

«Re:акциянын» биринчи митинги 2019-жылдын ноябрь айында уюштурулган. Бул митинг «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен дээрлик 700 млн доллар тууралуу биргелешкен иликтөөсүнө карата коомчулуктун реакциясы болгон. Митингге келген жүздөгөн адамдар бийликтен бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду камоону жана «реалдуу реформаларды» талап кылган.

Райымбек Матраимов бул иликтөөнүнүн фигуранттарынын бири болгон — иликтөөдө маалыматчы болгон ишкер Айэркин Саймаитинин айтымында, Матраимов бажыдагы коррупцияны калкалап, ага ылайык көмүскө карго империясы жүз миллиондогон доллар кирешеге ээ болгон. Матраимов өзү ага карата жала жабуу болуп жатканын билдирип келет.

Иликтөө чыккандан кийин Матраимовдордун үй-бүлөсү «Клооп», «Азаттык», «24.kg» жана журналист Али Токтакуновду сотко берип, жалпы 60 миллион сом компенсация талап кылышты. Буга байланыштуу өткөн жылдын 18-декабрында «Re:акциянын» экинчи митинги өткөн. Митингдин катышуучулары ЖМКга басым кылууну токтотууга чакырышкан.

Кийинчерээк Матраимовдор 24.kg басылмасына койгон 15 млн сом доосунан баш тартышты. Матраимовдордун адвокаты Канатбек Азиздин айтымында, басылма «далилдердин жоктугун моюнга алып», өз ыктыяры менен арыз чыгарганы менен байланыштуу. Бирок аталган басылма иликтөө жүргүзгөн эмес, болгону өз сайтына жарыялаган.