Кытайдан кайтып келген кош бойлуу аялда коронавирус табылган жок

Саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, 16-февралда кош бойлуу кыргызстандык аял Москвадагы рейс аркылуу Кытайдан Бишкекке учуп келген. Ал Ляонин провинциясындагы Шэньян шаарында Кытайдын университеттеринин биринде окуйт.

Кыргызстандын 24 жаштагы жараны кош бойлуу болгонуна 32 жума болгон жана анын сасык тумоо жана коронавируска тапшырган анализдери таза чыккан.

Кечинде кош бойлуу аял ичи ооруп жатканына даттанып, ага гинеколог консультанттар чакырылган. Мындан кийин анын саламаттыгын сактоо максатында жана тийиштүү меджардам көрсөтүү үчүн бейтап Шаардык перинаталдык борборго (ШПБ) которулган.

Ал бүгүнкү күндө ШПБнын атайын палатасында жатат, анын абалы канааттандыраарлык.

Кытайдагы коронавирустун чыгышына байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги экпидемиологиялык кызматтын алдында тынымсыз байланыш ачты. Төмөнкү телефон номерлери аркылуу консультация алса болот: 0312323055, 0312323202, 0550033607.

Кытайдагы коронавирус

Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаары буга чейин белгилүү болбогон корновирустун очогу болуп калды. Бүгүнкү күндө бул оорудан бери эле дегенде 1100 адам каза таап, 45 миңден ашуун жуктуруу учуру катталган, бирок алардын 5000 чукулу айыктырылган.

Кытайдын бийлиги 11 млн адам жашаган Ухань шаарын карантинге жаап, шаардагы темир жол жана авиа рейстерди жокко чыгарып, шаар ичиндеги транспортту токтоткон.

Жаңы вирусту жуктуруп алуу болгон дээрлик бардык учурлар Кытайдын аймагында аныкталган, бирок жуктургандар башка өлкөлөрдө да табылууда: Тайланд, Вьетнам, Сингапур, Жапония, Малайзия, Түштүк Корея, Кот-д'Ивуар, Тайвань, Непал, Орусия, АКШ, Австралия жана Европанын бир нече өлкөсү.

Мындан тышкары, Жапониянын Саламаттык сактоо министрлиги 13-февралда Diamond Princess круиз кемесинде 218 жуктуруу учуру аныкталганын маалымдаган.

World of Cruising Жапониянын саламаттык сактоо министрлигине таянып билдиргендей, кеме жүргүнчүлөрүнүн арасында коронавирус белгилерине шектелген бир кыргызстандык бар. Кыргызстандын ТИМи да бул маалыматты ырастады.

«КРдин жаранынын абалы канааттандыраарлык, дене табы жок, медикаментоздук дарылоолор жүргүзүлгөн жок. Бейтапка байкоо жүргүзүлүп жатат. Анын маалыматы боюнча, ал өзүн жакшы сезип жатат. Кыргызстандын жарандарынын мекенине эвакуациялоо боюнча элчиликке кайрылуу учурлары каттала элек», — деп билдиришти ведомстводон.

20-январда лайнер Жапониянын Йокогама шаарынан Кагосима — Гонконг — Окинава каттамы боюнча эки апталык круизге жөнөгөн. Круиз 4-февралда аякташы керек болгон. Бирок Гонконгдун жээгине чыгып барып келген жүргүнчү коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.

Круиз лайнери 3-февралда Йокогаманын портунда жүргүнчүлөрдүн бардыгын текшерүү үчүн рейдке калган. Жапониянын Саламаттык сактоо министрлиги лайнерди 14 күндүк карантинге калтырууну талап кылган.

Жапониянын өкмөтү жүргүнчүлөрдүн айрымдарына, эгерде аларда коронавирустун белгилери табылбаса лайнерден кетүүгө уруксат берген. Суу кемесинин бортунда 2666 турист жана 1045 экипаж мүчөсү бар.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо (ДСУ) уюму 31-январда коронавирустун жаңы тиби менен шартталган Кытайдагы пневмониянын чыгышын эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган.

Балтимордогу Жон Хопкинстин университетинин алдындагы системдик изилдөөлөр жана инжинирингдин борбору коронавирустун жайылышынын дайыма жаңырып туруучу статистикасы бар сервис иштеп чыккан — Wuhan Coronavirus (2019-nCoV) Global Cases (by Johns Hopkins CSSE).

Анда вирус жуктуруп алгандардын жана оорудан көз жумгандардын санын көрсө болот, ошондой эле вирустун өлкөлөр боюнча жайылышынын деңгээлине көз салып турса болот.

ТЕМА БОЮНЧА: