Ош шаардык спорт комитетин убактылуу Кубатбек Дубанаев жетектейт

Кубат Дубанаев. Сүрөт: Кубат Дубанаевдин фейсбук баракчасынан алынды

Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасынын милдетин убактылуу Кубатбек Дубанаев аткарат. Бул туралуу «Клоопко» мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

«Кубатбек Дубанаев Кылычбек Саркарбаевдин ордуна дайындалды. Ал буга чейин аталган комитетте башкы адис болуп эмгектенип келген», — деди Абсаттаров.

Кылыч Саркарбаев 17-февралда Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы кызматынан убактылуу чететтетилген. Саркарбаевдин айтымында, ал калаа башчысы Таалайбек Сарыбашевге бул сунушту өзү берген. Бирок ал журналисттерге эмнеге мындай чечим кабыл алганын түшүндүрө алган эмес.

Мурдараак 14-февралда спортчу Төлөгөн Рахманберди уулу президентке фейсбук аркылуу видеокайрылуу жасап, аны Саркарбаев бутуна тапанча менен атканын айткан. Ал эми Саркарбаев Рахманберди уулунун ага карата мындай көрсөтмө берүүсүнүн артында кимдир-бирөөлөрдүн кызыкчылыгы жатат деп билдирген.

Көп өтпөй ИИМ Рахманберди уулунун кайрылуусу боюнча териштирүү башталганын маалымдаган. Ошол эле учурда министрлик спортчуга жана Ош бажысынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановго издөө жарыялады. Ведомстводон алар 2018-жылы Бишкек шаарынын тургунун сабоого шектелип жатышканын жана далилдер бар болгонун кабарлашты.