Спортчуну атканы айтылган Кылыч Саркарбаев кызматынан четтетилди

Кылыч Саркарбаев. Сүрөт: Хамидулло Узаков/Клооп

Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу Саркарбаев «Клооптун» журналистине курган маегинде билдирди.

«Бүгүн шаар башчысы Таалайбек Насирбекович [Сарыбашевге] кирдим. Бир жансыл кылайлычы деп, өз арызым менен жумуштан четтетип турууну [сурандым]. Таалайбек Насирбекович дагы сунушумду колдоду жана туура көрдү. Иш бүткөнгө чейин жумуштан кетип жатам», — деди Саркарбаев.

Спортчу Төлөгөн Рахманберди уулу 14-февралда президентке фейсбук аркылуу видеокайрылуу жасап, аны Саркарбаев бутуна тапанча менен атканын тастыктаган. Ошондой эле Саркарбаев Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов экөө аны «арыз жазба» деп коркутканын айткан.

Ошондой эле Рахманберди уулу аны Сайпидиновдун иниси Нурбек Раимбеков «5-6 таанышы менен сабаганын» билдирген. Кийинчерээк, 29-январда, алар Оштун милициясы тарабынан кармалып, кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин атайын тизмесинде турушканы белгилүү болгон.

Саркарбаев спортчу Рахманберди уулун бутуна атпаганын айтып, ага карата мындай көрсөтмө берүүсүнүн артында кимдир-бирөөлөрдүн кызыкчылыгы жатат деп ойлоорун билдирген.

Ал эми ИИМ Рахманберди уулу Ош бажысынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов менен чогуу 2018-жылдын декабрь айында Аламүдүн районунун Лебединовка айылында Бишкек шаарынын тургунун сабоого шектелип жатканын маалымдап, бул кайрылуу аркылуу спортчу жоопкерчиликтен качууга аракет жасап жатканын билдиришкен.

Кара-Суудагы атышуу

Ош облустук ички иштер башкармалыгы жана ЖМКлар Ош мэриясынын аткаминери Кылыч Саркарбаев 2019-жылдын 22-сентябрында спортчу Төлөгөн Рахманберди уулун пикир келишпестиктен улам тапанча менен атып жибергенин маалымдашкан. Окуя Кара-Суу районунун Фуркат айылында болгон. Аталган факт «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен катталып сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилип, жоон санына ок тийгени аныкталган. Кийинчерээк Рахманберди уулу Саркарбаев менен ага-ини мамиледе экендигин айтып, тапанча менен өзүн-өзү атып алгандыгын билдирген. Кийинчерээк Саркарбаев да спортчуну атпаганын кабарлаган.