Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаевге дагы иш козголду

Баткен облусунун Лейлек районундагы Катраң айылдык кеңешинин төрагасы 14-февраль күнү «Ээнбаштык» беренеси менен шектелип, Лейлек РИИБи тарабынан кармалган. Ага карата ошол эле кеңештин депутаты Нуридин Дүйшөбаев милицияга арыз менен кайрылып, Бөрүбаев аны «уят сөздөр менен тилдеп, бейбаштык кылып, денесине жараат келтиргенин» билдирген. Бирок кийинчерээк Дүйшөбаев Бөрүбаевге карата тосмо арыз жазган.

Нуридин Дүйшөбаевдин тосмо арызы

Бирок Лейлек райондук соту Бөрүбаевди Оштогу ТИЗО-25ке 14-апрелге чейин камакта калтырды. Бөрүбаевдин жактоочусу Асылбек Кунгуров «Клоопко» билдиргендей, 2012-жылы Катраң айыл өкмөтүндө жергиликтүү тургундар алтын кенди өндүрүүгө каршы чыгышканда «тоноо» фактылары катталган. Учурда Бөрүбаев ошол факты боюнча дагы айыпталууда.

Баткен ОИИБинин басма сөз катчысы Дамира Юсупова Бөрүбаевге «Ээнбаштык» беренесинен сырткары «Тоноо», «Массалык баш аламандыктар» жана «Бирөөнүн мүлкүн жок кылуу» беренелери менен иш козголгонун тастыктады.

«Сапарали Бөрүбаевге 2012-жылдын 19-20 ноябрь күндөрү Лейлек районунун Катраң айыл аймагынын Өзгөрүш айылынын Алмалуу тоосунда жайгашкан “Апрельская” алтын кени участогунда “Алаурум” компаниясына карата жасалган массалык башаламандык, тоноочулук, бирөөнүн мүлкүн жок кылуу фактылары менен козголгон кылмыш иши боюнча кошумча шектенүү жөнүндө кабарлама кылмыш ишин алкагында берилген», — деди Юсупова.

Басма сөз катчысы Дүйшөбаевдин тосмо арызы тууралуу кабары жоктугун билдирди. Бирок облустук милициядан эмне үчүн 8 жыл мурдагы иш тууралуу кабарлама Бөрүбаевге азыр жөнөтүлүп жатканын түшүндүрө алышкан жок.

Жактоочу Кунгуров укук коргоочулар Бөрүбаевге карата басым кылганын белгиледи. «Кечээ, 20-февраль күнү, Сапарали Бөрүбаев Баткен облустук прокуратурасына ишин тергеп жаткан тергөө бөлүмүнүн башчысы Замир Бекмырзаевдин үстүнөн “мага психологиялык кысым жасап жатат” деп арыз менен кайрылды. Анын арызында тергөөчү “ишти мойнуңа алсаң ишти кыскартып, жардам беребиз, мойнуңа албасаң кыйналып каласың” деп жазылган», — деди Кунгуров.

Эки айга камалганына нааразы болгон Бөрүбаев Баткен облусттук сотуна даттанды. Соттук отурум 27-февраль күнгө дайындалды.

Сапарали Бөрүбаев ким?

Сапарали Бөрүбаев Бишкектеги митингде. Сүрөт: 24.kg

Сапарали Бөрүбаев Баткен районунун Катраң айылдык кеңешинин жана «Чек ара» коомдук бирикменин төрагасы. Аталган бирикме ушул жылдын январдын ортолорунда Бишкекте эки жолу чек ара маселесине байланыштуу митинг уюштурган. Алардын талаптарынын бири Баткендеги чек ара жаңжалында кармалган төрт тургунду бошотуу жана ошол кездеги вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун отставкага кетирүү болгон.

Ал эми өткөн жылдын 14-сентябрында Бөрүбаев фейсбук аркылуу түз эфирде тажик тарап кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек тилкесинде курулуш баштаганын билдирген. Андан тышкары, чек ара маселеси чечилбесе Лейлек району жана Баткен облусунун үч айыл өкмөтү анклав болуп калышы мүмкүндүгүн айтып чыккан. Бул сөздөрдөн кийин Бөрүбаев Ички иштер министрлигинде 8 саат сурак берген.