Садыр Жапаров: «Эл чогулган жерде чагымчылдар болуп, ызы-чуу чыгып кетиши мүмкүн»

Садыр Жапаров. Сүрөт: "Akipress"

Бишкектин Ала-Тоо аянтында 2-мартта экс-депутат Садыр Жапаровду колдоо боюнча тынчтык митингги өтүп жатат. Абактагы Жапаров бир нече күн мурун кат аркылуу тарапташтарына кайрылып, митингде чагымчылдар болушу мүмкүн экенин эскертти.

«Эл чогулган жерде чагымчылдар болуп, ызы-чуу чыгып кетиши мүмкүн. Азыр Кыргызстаныбызга ызы-чуунун кереги жок. Мага жеткизген маалыматтар боюнча чагымчылдар даярдалып, жыйналышты башка нукка буруп кетүүчү күчтөр пайда болуптур. Мен үчүн бир адамдын мурдунан кан чыкканы каалабаймын. Ошондуктан чыкпай эле коюңуздар деп, тарапташтарымдан суранып кетет элем. Аман болсом Кудай буюрган күнү чыгам. Азыр мыйзам тааласында иштер жүрүп жатат», — деп жазылган катта.

Ал эми Ички иштер министрлигинен өлкөдөгү «абалды туруксуздаштырууга аракет жасагандарга» мыйзамдын негизинде катуу чаралар көрүлүп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылаарын билдиришти.

«Ар кандай акцияларды мыйзам чегинде өткөрүү керек деп эсептейбиз, демократия менен берилген эркиндикти аша чаап колдонууга болбойт. Укукка жат иш-аракеттер мамлекетке жана коомго гана терс таасирин тийгизип гана койбостон, республиканын башка жарандарынын коопсуздугуна дагы коркунуч жаратат. Ар бир укук бузуу боюнча мыйзам алдында жооп берүү мыйзам актыларында ачык жана так жазылган», — деп берилген билдирүүдө.

Садыр Жапаров — мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тушунда кармалган оппозициячыл саясатчы.

2018-жылы сот Жапаровду Каракол шаарында жана 2013-жылы Саруу айылында «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу үчүн митингди каржылоого күнөөлүү деп тапкан.

Сот Жапаров митингчилерди башкарып турган жана Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алгыла деп митингчилерге буйрук берген деп эсептеген. Ал 11,5 жылга эркинен ажыратылган.

Кийинчерээк Жогорку сот бул мөөнөттү бир жарым жылга кыскарткан.

Каптагаев өзү болсо Жапаровго эч кандай дооматы жок экенин айтып, үстүбүздөгү жылдын сентябрында саясатчынын ишин кайра карап чыгууну сураган. Өткөн жылдын ноябрь айында Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбековдон ырайым сураган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте Садыр Жапаровду колдоо боюнча тынчтык митинги болуп өттү

ЖАМК Садыр Жапаровдун мөөнөтүнөн мурда бошотулушу тууралуу маалыматты төгүндөдү