«Жактоочу жалдоого акчам жок». Талгат Алановдун иши боюнча сот отуруму башталды

Талгат Аланов

Чек арадагы «мыйзамсыз» иштер тууралуу айтып чыккан подполковник Талгат Алановго байланыштуу иш боюнча соттук отурум башталды. Анын айтымында, акча каражаты жоктугунан соттук отурумдарга жактоочусуз катышып жатат.

«Өзүм интернеттен мыйзамдарды үйрөнүп, өзүмө-өзүм жактоочу болуп жатам», — деди Аланов.

Аланов Ошто чек ара кызматындагы коррупция тууралуу басма сөз кургандан кийин беш кесиптеши «кадыр-баркыбызга шек келтирдиң» деп анын үстүнөн Ош шаардык сотуна кайрылышкан. Чек арачылар Алановдон жалпысынан 500 миң сом компенсация талап кылышууда.

28-февралда өткөн соттук отурумга чек ара кызматкерлери Дастан Калыков менен Эмилбек Темирбаев келген. Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Илгиз Талипов катышкан эмес. Анын кызыкчылыгын мекеменин аскер бөлүмүнүн юристи Талант Зулпукаров коргогон. Ал эми дагы бир чек арачы Абдыжапар Карыбеков да сот отурумуна келген эмес.

Аланов «Клоопко» билдиргендей, кийинки сот отуруму 5-мартка белгиленди.

Талгат Аланов

Ош облусу боюнча чек ара башкармалыгынын чек ара көзөмөлдөө, уюштуруу бөлүмүнүн улук офицери, подполковник Талгат Аланов 2019-жылдын 27-ноябрында Ошто басма сөз жыйын курган. Анда өзү иштеп жаткан чек ара кызматындагы бир нече коррупциялык көрүнүштөр тууралуу айтып чыккан.

Ал «Достук» көзөмөл өткөрмө бекетиндеги акча топтоо фактыларына токтолуп, кызмат орундары акчага сатылаарын, чек ара кызматчыларын бир бекеттен экинчи бекетке которуулар жетекчилерге акча берүү менен коштолоорун маалымдаган.

Көп өтпөй Талгат Аланов өзүнө карата телефон аркылуу коркутуулар жана кызматтык куугунтук болуп жаткандыгын айткан. Ошондой эле өткөн жылдын 12-декабрында ал Ак үйдүн алдында президентке кайрылуу жасап, аны кабыл алууну өтүнгөн.

Кийинчерээк Алановду Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев кабыл алган. Жолугушууда Алановдун Ош гарнизондук Аскер прокуратурасына берген арызынын негизинде башталган сотко чейинки өндүрүш Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын көзөмөлүнө алынаары маалымдалган.