Жарандык активисттер Алановго жактоочу жалдоо үчүн каражат чогулта башташты

Чек арадагы «мыйзамсыз» иштер тууралуу айтып чыккан подполковник Талгат Аланов жоопкер катары соттук отурумга каражаттын жоктугунан жактоочусуз катышып жаткан. Бул тууралуу «Клооп» үстүбүздөгү жылдын 2-мартында маалымдаган эле. Алановдун айтымында, бул материалдан кийин ага көптөгөн активисттер телефон аркылуу адвокат жалдоого жардам берүүнү сунушташкан.

«Алгач баарынан баш тарттым, колумдан келишинче өзүм күрөшөм дедим. Анан кайра ойлонуп көрүп, Ислам дининдеги илимдүүлөрдөн сурадым, көбү чогултсаң болот дешти. Бирок өз кызыкчылыгыңа иштетпей, дал ошол коррупция менен күрөшкөнгө, жумушка, жактоочуга иштетсең болот дешти. Мен чогултулган акчалардын бир сомун да өз кызыкчылыгыма иштетпейм. Жактооочу канча акча десе ошого карап көрөм, топтолгон акча жетсе жалдайм, ал эми жетпесе дагы эле мурункудай өзүм эле сотко катышам», — деди Аланов.

Кезектеги соттук отурум 9-мартка жылдырылып, ал соттук отурумга Аланов жактооочу менен катыша тургандыгын кошумчалады. Анын кызыкчылыгын сотто «Кылым шамы» адам укуктарын коргоо уюмунун жактоочусу коргомокчу.

Аталган уюмдун жетекчиси Азиза Абдирасулова Талгат Алановго жактоочу жалдоого жардам колун сунгандыгын «Клоопко» тастыктады.

Аланов 2019-жылдын 27-ноябрында басма сөз жыйынында өзү иштеп жаткан чек ара кызматындагы коррупциялык көрүнүштөр тууралуу айтып чыккан. Көп өтпөй чек арачы өзүнө карата телефон аркылуу коркутуулар жана кызматтык куугунтук болуп жаткандыгын айткан.

Ошондой эле бул жылдын январь айында Алановдун үстүнөн беш кесиптеши арыз менен Ош шаардык сотуна кайрылышкан. Чек арачылар алар эч кандай мыйзам бузбагандарын айтып чыгып, Алановдун басма сөз жыйынында айткан сөздөрү алардын «кадыр-баркына доо кетиргенин» билдиришкен. Алардын кесиптешинен сот аркылуу компенсация иретинде жалпысынан 500 миң сом талап кылышкан.