«Майып бала төрөдүң». Баткендин тургуну күйөөсү сабаганын айтып чыкты

Баткен районунун Бужум айылынын 32 жаштагы тургуну Фатима Азимова «Турмуш» басылмасына берген интервьюсунда, жолдошу «майып бала төрөдүң, экөөңдүн тең керегиң жок» деп ур-токмокко алганын билдирген. Окуя бир ай мурун болгон.

«Балам төрөлгөндө жакшы эле болчу, жакында эле ооруп калды. Ооруканага алып келсек, башында суу бар деп дарыгерлер Ошко жиберишти. Оштон болсо аппарат жок деп Бишкекке жөнөттү. Дарыгерлер кайненем менен кайнатама байланышса, бизге небере керек эмес, Баткенге жөнөтө бергиле, өлсө көмүп коё беребиз дептир. Анан өзүмүн туугандарымдан жардам сурап, балама биринчи операция жасалды. Эми экинчи операциясына каражат керектелип жаткан. 28-январда баламдын экинчи операциясынын акчасынан качып күйөөм уруп салды», — дейт ал.

Азимованын айтымында, боюнда бар кезинде күйөөсү уруп жүрүп, эгиз ымыркайлардын бири боюнан түшүп калган. Экинчисин дарыланып жүрүп төрөгөн. Ур-токмоктун айынан уулунун көзү көрбөй калды деген пикирде.

Жабырлануучу тайкесине телефон чалып күйөөсү токмоктоп атканын айтып, аны алып кетүүсүн суранган. Тайкеси Алмазбек Шарапов жээнине барганда ал нес болгон абалда болуп, коркуп калганын айтат.

«Барсам абалы жакшы эмес, үйүндө туугандары да бар экен. Жээним нес абалда болгон. Дароо эле райондук ички иштер бөлүмүнө алып келип арыз жаздырып койдум. Эртеси ооруканага жаткырып койгом. Анан ооруканадан “жеңил” деп чыгарып коюптур. Кыздын абалын жакшы караш керек эле да. Буга чейин да боюнда бар кезинде күйөө бала уруп-сабап жүргөн, болгону турмушуна киришпейли деп жүргөнбүз», — дейт Шарапов.

«Клооптун» журналисттери Баткен облусунун ооруканасынын башкы дарыгерине жабырлануучу тууралуу маалымат алуу үчүн кайрылганда, мекемеге расмий сурам менен кайрылууну айтты.

«Жаңыл Мырза» кризистик борборунун жетекчиси Токтокан Мамбетова жабырлануучу тууларуу маалыматты ага шаардык оорукананын травматология бөлүмүнөн билдиришкенин айтат.

«Келинден кабар алганы келгенибизде Азимованын баласынын фамилиясы апасынын атында экенин билдик. Анан эмнеге атасынын атында эмес деп сурасак, кайненем “баары бир сен ажырашасың, ошого ажырашкандан кийин сага алимент төлөбөө үчүн Азимов деген фамилия менен күбөлүк алып келдим” дептир. Бул келин чар тарабынан кысымга алынган, зомбулук көргөн», — деп түшүндүрөт Мамбетова.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова Азимованын арызы боюнча тергөө иштери аяктап, Баткен райондук сотуна өткөрүлгөнүн «Клоопко» билдирди.

Азимованын арызы Баткен РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Ден соолукка жеңил залал келтирүү» фактысы менен 29-январда катталып, ошол эле күнү жабырлануучуга убактылуу коргоо ордери берилген.

«Жабырлануучунун денесиндеги жараатынын оордук даражасын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Натыйжада денесинен жеңил жаракат алгандыгы белгиленген», — деди Юсупова.

Материал жарык көрөөрдүн алдында Азимованын жолдошунан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Үстүбүздөгү жылдын январында Баткен районунун Бужум айылынын 31 жаштагы тургуну Каныкей Төрөбек кызы күйөөсүнүн ур-токмогунан улам башы кыймылдап токтобой, бели ооруп, бир колун көтөрө албай калганын айткан. Жабырлануучунун айтымында, жолдошу «апама сөз кайтардың» деп сабап үйдөн кууп чыккан. Ал эми жолдошу «Азаттык» басылмасына аялына зомбулук көрсөтпөгөнүн айткан.

Бул окуя боюнча Баткен милициясы «Денеге атайын залал келтирүү» беренеси менен каттоого алып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Бул учурда да жабырлануучу Баткен облустук ооруканада ага «тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлбөй жатканына жана аны ооруканадан чыгышын талап кылып жатышканына» даттанган.

Ал эми ооруканадан Төрөбек кызынын айткандарын четке кагышып, ал бардык медициналык текшерүүлөрдөн өткөнүн билдиришкен. Ал эми жабырлануучунун башы узак убакытка созулган кыжаалатчылыктан токтобой кыймылдап жатканын айтышкан. Буга карабастан ал ооруканадан чыгарылган.

Тема боюнча:

«Мончодон кеч келдиң». Ошто унаасы менен аялын сүйрөгөн киши кармалды

«Апама сөз кайтардың». Баткендин тургуну аялын сабоого шектелүүдө

«Өлтүрөм деп эле жүргөн». Караколдо күйөөсүнөн кордук көргөн аял үн катты