Ноокатта милиция тургундар менен кошо үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жүрүшкө чыкты

Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл аймагынын ондогон жашоочулары 8-мартта райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен чогуу маршка чыгышты.

Жөө жүрүш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алууга, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы турууга жана эрте турмуш курууну алдын алууга арналды.

Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдиргендей, мындай иш-чара зордук-зомбулук эң көп катталган аймактарда жыл сайын өткөрүлүп келет.

«9-класстан эле окубай коюшуп жатбайбы. Ошого да байланыштуу иш-чара өткөзүлүп, ата-энелерге түшүндүрдүк. Анан [№8 орто мектептин] 8-9-10-11 класстагы окуучуларын топтоп, эгерде ата-энелери эрте турмуш курууга мажбурлап жаткан болсо кайда кайрылышы керек, эмне кылышы керектиги түшүндүрүлдү», — деди Аширбаев.

Жөө жүрүштөн кийин милиционерлер тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Басма сөз катчы кошумчалагандай, Ноокат районунда жыл башынан тарта 20 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталган.

Бишкек шаарында 8-март күнү аялдардын укугун коргоого арналган жөө жүрүштүн катышуучуларына белгисиз адамдар кол салышып, транспаранттар менен плакаттарды талкалап кетишти. Бул учурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери четте карап турушкан. Андан соң милиция кол салгандарды эмес жабыркагандарды кармап кеткен. Марштын катышуучулары бир нече саат Свердлов РИИБинин имаратында кармалгандан кийин гана бошотулду. Ал эми райондук милиция кол салгандарга издөө жарыялады.

Ал эми Ош шаарында мэрия жана милиция «Новый ритм» коомдук уюмдун «Аялдардын тилектештик тынчтык маршы 2020» өткөрүүсүнө «коронавируска байланыштуу» тыюу салган. Андан соң жергиликтүү бийликтен жана Ош ШИИБинин кызматкеринен «камайбыз деген коркутуулар да» түшкөн. Буга байланыштуу бирикме үй-бүлөлүк зомбулукка каршы иш-чарасын кеңсесинде өткөрүүгө аргасыз болду.