Ош шаарында мамлекеттик органдар ЖМК өкүлдөрү жана жарандык коомдун мүчөлөрү менен координациялык жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун алкагында кезектеги жергиликтүү кеңешке өтө турган шайлоодо боло турган көйгөйлөр талкууланды.
Борбордук шайлоо комиссиянын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов кезектеги жергиликтүү кеңештерге шайлоодо эң негизги көйгөйлөрдүн бири бул шайлоочулардын добуштарын сатып алуу аракеттери жана административдик ресурстун колдонулушу экенин белгиледи.
Шайлоону өткөрүү убактысы коронавируска байланыштуу жылдырыла элек — бирок бул маселе каралууда.
«Коронавирус» жана шаардык кеңешке шайлоо
Өкмөт республикалык штабдын сунушу менен 12-мартта коронавирустан улам массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизди.
Чектөө кечээ күнү эле киргизилгенине карабастан Жалал-Абад шаарынын мэриясы 5-мартта Ак-калпак күнүнө карата иш-чараларды токтоткон. Ошондой эле Ош шаарынын мэриясы «коронавируска байланыштуу» коомдук активисттердин 8-мартка карата жөө жүрүш уюштуруусуна тыюу салган.
Абдыжапар Бекматов «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо» жөнүндө мыйзамга таянып, шайлоо апрель же октябрь айынын экинчи жекшембисинде өтүүсү зарыл экенин маалымдады. Ошондой эле ал Республикалык штабдын чечими же өкмөттүн токтому бул мыйзамдын нормасын өзгөртө албаганын айтып, бирок бул маселе талкууланып жатканын кошумчалады.
«Массалык иш-чараларды өткөрбөө тууралуу республикалык штабдын чечими бар. Бирок биздин мыйзам да бар. Штабдын чечими же болбосо өкмөттүн токтому бул мыйзамдагы нормаларды өзгөртө албайт. Бирок биз эң биринчи мандаттан, саясий кампаниядан мурда мамлекеттин коопсуздугун ойлонушубуз керек […] Кечээ бул боюнча талкуу болду, бүгүн да талкуу болду. Жакынкы күндөрдө бул боюнча айтылат. Албетте саясий кампания керек, бирок бизге мамлекеттин коопсуздугу андан да зарыл. Мыйзамдын нормасы деп эле коопсуздукка көнүл бурбай койбошубуз керек», — деди ал.
Партиялардагы мамлекеттик кызматкерлер жана студенттердин паспортторун чогултуу
Бекматовдун айтымында, мамлекеттик кызматкердин шайлоого катышууга укугу бар, бирок ал жергиликтүү кеңешке талапкер катары катталганда кызматын токтотуп турууга милдеттүү.
«Кактус» басылмасы маалымдагандай, Ош шаардык кеңешке катыша турган «Биримдик» саясий партиясынын тизмесине шаардык кеңештин депутаттары, мамлекеттик кызматкерлер, жогорку окуу жайдын мугалимдери жана жеке ишкерлер кирген.
Алардын ичинде «Биримдиктин» тизмесинде 36чы болуп турган ОшМУнун дүйнөлүк тилдер факультетинин деканы Сабыркүл Калыгулова бар. «Ынтымак» телеканалы 12-февралда аталган факультеттин студенттерин Ош шаарына каттатуу үчүн паспортторду чогултуп, добуштарды 500дөн 2000 сомго чейинки акчага сатып алуу аракеттери жүрүп жатканы тууралуу материал жарыялаган. Кийинчерээк материалды даярдаган журналистти милиция күбө катары суракка чакырып, маалымат булактарды ачыктап берүүнү суранган.
«Студенттердин паспортторун чогултуп, аларды колдонууга эч кимдин акысы жок. Сиз билгендей жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого студенттер жана аскер кызматкерлери катышпайт. Бул кесе коюлган норма — алар жергиликтүү жамааттын мүчөсү эмес. Жергиликтүү жамааттын мүчөсү гана [жергиликтүү кеңешке] шайлоого катыша алат. Ошол үчүн студенттердин катышуусуна тыюу салынат. Эгерде Ош шаарында туруктуу жашаган студент болбосо, башка жактан келген, жатаканаларда жана башка жерлерге убактылуу катталган студенттер катыша албайт. Бул боюнча “Ички миграция” жөнүндө мыйзамында так нормалар бар. Анан мугалимдерди биз [кызматынан] чектете албайбыз, бирок ишин токтото турат — мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин баары», — деди Бекматов.
Уюшкан кылмыштуу топтордун шайлоого талапкер катары катышуусу
БШКнын төрайымдын орун басары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын тизмесинде турган талапкерлердин аты-жөндөрүн мекеме жарыяла албай турганын билдирди. Мыйзамга ылайык, эгерде атайын тизмеде турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн соттуулугу жок болсо, алар шайлоого талапкерлер катары катышса болот.
«Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрдүн Ички иштер министрлиги да Борбордук шайлоо комиссиясы да аныктай албайт. ИИМ “оперативдүү учётко” ала алат. Ал эми ошондой “ярлыкты”, статусту аларга сот органы берет. Ошол үчүн аны жарыялоого болбойт», — деп түшүндүрдү Бекматов.
Мындан мурун ички иштер министринин башчысынын орун басары Мирлан Каниметов «Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор жоктугун» айткан. Кийинчерээк ал өзүнүн сөзүн тактоолорду киргизип, өлкөдө сот аркылуу расмий түрдө кылмыштуу топтун мүчөлөрү аныкталган эместигин айткан.
Жаңыдан каттоого тургандар боюнча
Бекматов буга чейин Жогорку кеңештин отурумунда жыл башынан шайлоо өтүүчү шаарларга жаңыдан каттоого турган жарандар шайлоочулардын тизмесине кире электигин маалымдаган.
Бирок мыйзамга ылайык шайлоочулардын тизмесине шайлоого 14 күн калганда, тагыраагы 28-мартка чейин, өзгөртүүлөрдү киргизсе болот.
«35 миңдей жаран Ош шаарына каттоого турду деген маалымат массалык маалымат каражаттарынан чыкты. Каттоо кызматы ушундай фактыны мойнуна алды. Бирок булар шайлоочулардын тизмесине кирди деген түшүнүк эмес. Ал үчүн дагы бир нече процедурадан өтүшү керек. Ошондо гана шайлоочулардын тизмесине кирет. Ошол 30 жергиликтүү кеңешке өтүүчү шайлоо [аймактарына өткөн жылдын] октябрь айында 340 897 шайлоочу болгон. Шайлоочулардын алдын ала тизмеси жарыяланган убакытта 340 479 болгон. [Жылдын башынан] 10-фералга чейин [тизмеге] 35 миңдей адам кошулган жок. 8-мартта контролдук тизме түзүлгөндө 342 545 шайлоочу бар болгон. Башкача айтканда ошол 30 шайлоо өтүүчү аймактагы [шайлоочулардын саны] 2066га көбөйдү. Ош шаарында өткөн жылдын октябрь айында 139 595 шайлоочу болсо, февралда 139 117 болгон. Ал эми 8-мартта 139 684. Башкача айтканда Ош шаарында 567 шайлоочуга көбөйдү. Каракол шаарында жалпысынан 36-37 миң шайлоочу бар. Өткөн жылдын октябрь айында 36 355 шайлоочу болгон, февралда 37 203, азыр 37 341 шайлоочу катталган. Башкача айтканда 138 шайлоочуга көбөйдү», — деп түшүндүрдү Бекматов.
Диний кызматкерлердин үгүттөөсү жөнүндө
Диний кызматкерлердин үгүттөө иштерин жүргүзүүсүнө мыйзам тыюу салган. Ал эми диний кызматкер талапкер катары катталса үттөө жүргүзсө болот, болгону өзүнүн кызматын токтотуп турушу керек.
«Негизги жана шайлоо мыйзамдарында чектөө бар: диний кызматкерлер жана диний мекемелердин кызматкерлери үгүт иштерине катышууга акысы жок. Эгерде алар талапкер болсо, жаран катары биз алардын укуктарын чектей албайбыз. Бирок ал кызматын токтотуп турушу керек», — деди Бекматов.