Ош милициясы журналисттен добуштарды сатып алуу боюнча материалдын маалымат булактарын айтууну суранды

«Ынтымак» телеканалынын журналисти Мимоза Жаныбек кызы «Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш боюнча күбө катары суракка чакырылды.

Жаныбек кызы 6-мартта сурак берип чыкты. Анын айтымында 5-март күнү ага милициядан чалып, «сен ошол партияларга агитатор болуп иштеп жатасың» деген сыяктуу сөздөр менен тез келүүнү талап кылышкан. Бирок Жаныбек кызы тергөөчүгө мыйзамдын негизинде расмий чакырууну жиберүүнү талап кылгандыгын, аны иш убактысынан кийин алып келишкенин айтууда.

«Эрте менен саат 10го барганымда тергөөчү жарым саатка кеч келди. 12-февралда фейсбуктагы жеке баракчамда, маалымат булагына таянып, студенттерди шайлоого карата паспортторду чогултуп жатышканын жазганмын. Бүгүн менден ошону сурады, маалымат булагын, кимдер айтканын. Маалымат берген адамдын коопсуздугу үчүн мен айта албашымды айттым, аны жашырууга мен укуктуумун. Мыйзам жагынан да каралган бул нерсе. Дагы алдыда тергөөлөр жүрөт деди, менден ошол эле нерсени сурашты. [...] Кечээ чакырганынын сөзү башка, бүгүн сураган нерсеси башка болуп жатат», — деди Жаныбек кызы.

Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, бул иш боюнча Паспорттоштуруу жана жарандарды каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери, жогорку окуу жайлардын коменданттары, студенттер жана мугалимдери да суракка чакырылган.

«Күбө катары суроо үчүн биз “Ынтымак” телеканалынын журналистин чакырганбыз. Журналист өзү келип, окуя кандай болгонун, кимдер тартканын жана ушул боюнча кандай көрсөтмөлөрдү алгандыгы боюнча тергөөгө жардам берет. Андан добуштарды сатып алууга аракет кылган адамдарды аныктоого жардам берүүсүн суроо максатында күбө катары чакырганбыз», — деди Сыдыков.

Басма сөз катчы кошумчалагандай, бул иш боюнча журналист маалымат булактарды тергөөчүгө ачпай коюуга укугу бар. Бирок ал сот алдында кимден маалыматты алганын айтууга милдеттүү болуп калат деп эсептейт.

«Медиа Полиси» коомдук фондунун юристи Алтынай Исаева Ош ШИИБинин басма сөз катчысынын сөзүн жарым-жартылай тастыктады, бирок ошол эле учурда журналист сотко дагы маалыматтын булактарын ачпоого укуктуу экенин кошумчалады. Бул учурда журналист өзү жоопкерчиликке тартылып калышы мүмкүн деди ал.

«Мимоза Жаныбек кызынын учурунда коркунучтуу жери жок, ал күбө катары суракка чакырылган», — деп түшүндүрдү Исаева.

Буга чейин, 12-февралда, «Ынтымак» Ош шаарына каттоо үчүн ОшМУнун дүйнөлүк тилдер факультетинин студенттеринин паспорттору чогултулуп, добуштарды 500дөн 2000 сомго чейинки акчага сатып алуу аракеттери жүрүп жатканы тууралуу материал жарыялаган.

Материалда окутуучулардын бири кураторлорго башка аймактан келген студенттерди шаардык кеңешке өтчү шайлоого катыштыруу үчүн калаага убактылуу каттоого коюлаарын айткан. Бул сүйлөшүү аудиого жазылып калган.

«Кураторлор, бүгүн сөзсүз ар бириңиздер мага бирден кириңиздерчи. Себеби азыр жыйын өткөрүлдү, эртең саат онго чейин тизмени толугу менен бүтүрүшүбүз керек экен. [...] Шаардык кеңешке шайлоо болот, ошол үчүн айылдагылар, биздеги окуган студенттер, азыр убактылуу шаардык [каттоодо турат] деп, участокко коюлат», — деп айткан университеттин ыктымал кызматкери.

Ошол эле материалда окуу жайдын дүйнөлүк тилдер факультетинин деканы студенттердин паспорттору чогултулуп жатканын төгүндөгөн.

Үстүбүздөгү жылдын 12-апрелинде бир канча шаар жана айылдарда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Ал шайлоого жалпысынан 22 партия катыша турган болду — алардын тогузу Ош шаардык кеңешке ат салышат.

Соңку эки айда шайлоо өтө турган шаарларда жаңы каттоого турган жарандардын саны кескин өскөн. Жылдын башынан 13-февралга чейин Ошко жаңыдан каттоого турган жарандардын саны 35 895, Токмокто 6 745, Караколдо 3 159 жеткен.

ТЕМА БОЮНЧА:

«1000 сом берет». Ошто шайлоого карата студенттерден паспорт чогултула баштады

«Ушуну шайлайсыңар». Оштогу шайлоого карата студенттерди шаарга каттатуу аракети жүрүүдө

Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шаарга тиешеси жок жарандар шайлай алышат. Түшүндүрөбүз